• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ишкердикке кийлигишкен Бишкек шаардык прокурору иштен алынып, бир катар кызматкерлер жоопко тартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүү жана мыйзамсыз жоопко тартуу фактысы боюнча көзөмөл органынын кызматкерлери катуу тартип жоопкерчилигине тартылышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринин өкүлүнүн кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык прокуратурасынын кызмат адамдарынын аракеттеринин негиздүүлүгүнө жана мыйзамдуулугуна карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаардык прокуратурасы тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан курулуш компаниясына турак жай комплексин куруу үчүн уруксат берүүчү документтердин мыйзамдуулугун текшерген. Анын жыйынтыгында эч кандай мыйзам бузуулар аныкталбаса дагы, шаардык прокуратуранын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен тиешелүү органдарга негизсиз прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, материалдар дагы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине негизсиз түрдө катталгандан кийин курулуш компаниясынын жетекчиси кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Текшерүү учурунда жогорудагы иш көзөмөл органы тарабынан окулуп, натыйжада мыйзамсыз ачылган сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №3 "Менчикти коргоо жана ишкерлерди менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгынын ылайык, укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын ишкердик субъектеринин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүсүнө, ишкердик ишине тоскоолдук кылуусуна тыюу салынган.

Башкы прокуратуранын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык прокуратурасынын бир катар кызматкерлери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылышып, борбор шаардын прокурору кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий