• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ишкердикти өнүктүрүү үчүн жаңы чечимдер – Соода-өнөр жай палатасында башкаруу кадрларын даярдоонун жаңы программасы көрсөтүлдү

Экономика 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. КРнын Соода-өнөр жай палатасында палатанын бизнес-билим берүү борборунун кызматтарынын бет ачары өттү. Билим берүү борборунун жаңы кызматтары тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев айтып берди.

Өз сөзүндө Шаршекеев бизнес-билим берүү борборун түзүү идеясы заманбап бизнестин чындыктары менен келгенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын өнүгүп жаткан экономикасынын кадр жетишсиздиги шартында заманбап билим жана маалыматтар керек.

“Соода-өнөр жай палатасынын бизнес-билим берүү борборунда экономиканын ар кандай тармактарында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлердин керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган 5 багыт боюнча кызмат көрсөтүшөт. Келечекте жаңы билим берүү курстарын ачуу жана Европа өлкөлөрүндө тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү пландалууда”, - деди Шаршекеев.

Өз кезегинде Германия Федеративдик Республикасынын элчилигинин экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизи адамдын потенциалы экендигин баса белгиледи. Бизнес-билим берүү борбору ишкердикти ийгиликтүү өнүктүрүүдө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө маанилүү роль ойнойт.

Жалпысынан аталган борбордо 1 миң адам билим алды, алар бүгүнкү күндө алган билимдерин иш жүзүндө колдонушууда.

Пикир

Оставить комментарий