• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 25.08.18. /Кабар/ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты авиатранспортту пайдаланууда учуулардын коопсуздугуна өбөлгө түзүүчү коопсуз практиканы жана тийиштүү жол-жоболорду сактоону камсыз кылуу менен коопсуз учууларды камсыздоо болуп саналат.

Тактап айтканда Мыйзамда текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салуудан төмөнкү мамлекеттик органдардын алынып салынуусу каралган:

— автомобиль жана суу транспортундагы иштерди жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды;

— жарандык авиация жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

Пикир

Оставить комментарий