• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 14-сентябрында кабыл алынган.

Мыйзам 2007-жылдын 25-майындагы №72 “Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамдын 12,17 жана 19- статьяларынын ченемдерин 2015-жылдын 31-июлундагы №210 “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамдын административдик актыларды, административдик органдардын аракеттерин же аракетсиздигин сотко чейинки тартипте чечүү бөлүгүнө шайкеш келтирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий