• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ишкердин унаасын өрттөөгө буйрутма берген УКТнын мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. 2015-жылы кыргызстандык ишкердин “Мерседес Гелендваген” үлгүсүндөгү унаасын өрттөгөнгө шектелип КРнын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы июль айында Ысык-Көл районундагы “Дельфин де Люкс” пансионатында “Мерседес-Бенц G-500” үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар өрттөп кетишкен.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 2-бөлүмү (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыш буйрутма берүү менен жасалганы жана ага кылмыш чөйрөнүн тиешеси бардыгы аныкталган. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери буйрутманы аткарып, кылмыш жасаган деп шектелген адамдын өздүгүн тактаган. Ал учурда башка кылмыш иши үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Б. А. аттуу жаран болуп чыккан.

Жакында аталган кызматтын 3-башкармалыгынын кызматкерлери кылмыш ишин жасоого буйрутма берген деп шектелген жаранды колго түшүрүшкөн. 2018-жылдын 11-декабрь күнү жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1979-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалган. Ал 2010-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 15 жылга эркинен ажыратылганы аныкталган.

Азыркы учурда ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, 1979-жылы туулган А.Т. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат. Ыкчам маалыматтар боюнча анын Москва шаарында жана Россиянын башка аймактары боюнча криминалдык дүйнөдө «положенец» деген макамы бар. Андан сырткары учурда ал Бишкек шаарынын Биринчи май сотунда Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмү менен козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүүдө жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий