• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ишкерлер арасында: Кытай компаниясында болгон чатактын чоо-жайы

Коом 0

“Тянь-Шань Керамик” компаниясы Кыргызстанда керамика чыгарган жалгыз завод

Чолпонай Турдакунова, "Улуу Жибек жолу.Маданий өнүгүү"

27-июль күнү жергиликтүү маалымат каражаттарынын биринде,“ Кытай ишкери өзүнүн кол алдындагы жумушчусуна кол көтөргөн” деген маалымат тараган. Ушул окуянын чоо-жайын иликтеп, тактоо үчүн биздин редакциянын журналисттери “Тянь Шань Керамик” ЖЧКсынын кеңсесине барып келишти. Биз барган мезгилде, эки тараптын өз ара түшүнбөөчүлүк иштери жоюлуп, завод адаттагыдай эле өз ишин улантып жаткан экен.

Биз ошол түнү жазылып алынган видеожазманы көрүп, аны дагы тактоо үчүн Военно-Антоновка айыл Өкмөтүнүн жетекчиси Бөкөмбаев Нурсуланбек менен телефон аркылуу байланыштык. Ал болуп өткөн окуя тууралуу бизге маалымат берип, видеожазма менен дагы кенен таанышканын кабарлады. Айыл Өкмөтү өз сөзүндө, заводдун жетекчиси тарабынан жумушчуга эч кандай кол көтөрүү болбогондугун тастыктап, учурда, заводдо иш өз тиртибинде жүрүп жаткандыгын айтып берди.

Мындан сырткары, компаниянын жетекчисинин канында “ичимдик барбы же жокпу?”-деп текшерүүнүн жыйынтыгында, канында ичимдик жоктугу тастыкталган.

Муну менен катар, “Тянь Шань Керамик” ЖЧКсынын башкы директору Чжо Дайсю да биздин редакцияга заводдун жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Нурсуланбек Бөкөмбаев, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл Өкмөтүнүн жетекчиси:

“Заводдун жетекчиси кыргыз жаранына катуу сүйлөп же кол көтөргөндүгүн биз көрө алган жокпуз”

- Бул окуя түн ичинде болуптур, мага эртеси күнү чалышты. Биз дароо эле келип, заводдун жетекчилиги жана жумушчулары менен жолуктук. Жолугушуу учурунда, заводдун жетекчилиги, ишкананын аймагында жайгашкан видеолор аркылуу, болуп өткөн окуяны толугу менен көрүүгө болот деп билдиришти. Ошондо, биз ал жакта иштеп жаткан жумушчуларга, “араңардан беш кишини шайлагыла, биз менен кошо кирип, видеожазманы чогуу көрүп чыксын”- деп сунуштадык. Жумушчулар беш кишини тандашты, арасында бригадирлер, карапайым жумушчулар болду. Баарыбыз бирге барып, ошол түнкү болгон окуянын видеожазмаларын көрдүк. Бардыгын көрсөтүп беришти.

Видеожазмада 26-июль түнү саат болжол 12лер чамасында (23:40) заводдун башкы директору ишкананын ичине кирип, столдун үстүндө турган тамак-аш азыктарынын калдыгын көрүп, ошол цехтин ишмердүүлүгүнө жооп берген кытай жаранын, цех башчысын чакыртып жини келип, урушуп жаткандыгын байкоого болот. Видеожазмада үн жазылбайт да, бирок анын кылган кыймыл-аракетинен урушуп жаткандыгын көрдүк. Урушуп жатып, столдун үстүнөн алган кутуларды ыргытып жиберди. Ошол мезгилде, заводдун башчысынын жанында, бир да кыргыз жараны болгон эмес. Үч-төрт кытай жарандары жанында жүрдү.

Чындыгында, ал киши өзү кыргызча жана орусча эч түшүнбөйт экен. Ал эми, ал жакта ошол тапта иштеп жаткан кыргыз жарандары дагы кытайча билбегендиги айтылды. Ошол учурда, котормочу дагы алардын жанында болгон эмес. Видеожазмалардан котормочунун болжол менен 15 мүнөттөн кийин сырттан келгендигин көрдүк.

Андан кийин, заводдун жетекчиси башка цехти көздөй басканда, иштеп жаткан жумушчулар сыртты көздөй чыгып кетишти. Мындан кийин, заводдун сыртындагы видеожазманы көрсөтүштү. Ал жакта, заводдун башчысы өзүнүн кеңсеси жакты көздөй бара жатат. Артынан чогулган бир топ жумушчулар, бир-бирин түрткүлөп жаткандыгын көрүүгө болот. Заводдун башчысы, кимдир-бирөөнү уруп-согуп кол көтөргөндүгү эч жерде жок. Биз менен видеожазманы көрүүгө шайланып келген жумушчулар дагы буга өздөрү күбө болду.

Видеожазманы көрүп бүтүп сыртка чыгып, күтүп жаткан жумушчуларга бардыгын айтып бердик. Андан кийин, өздөрү дагы “жумушту токтотпой баштап, уланта берели”-деген ойлорун айтышты. Заводдун жетекчилиги дагы, жумушчуларга эч кандай айып пул төлөтпөй тургандыгын билдирди. Ошентип, завод адаттагыдай эле жумушун уланта баштады.

Менин жеке пикиримде, бул жердеги болгон түшүнбөстүк котормочудан дагы кетип калса керек деп ойлоп жатам. Эки тарап бир-бирин туура эмес түшүнүп алуусу толук мүмкүн. Бирок, биз бардык видеожазмаларды көрүп чыктык. Ал жактан заводдун жетекчиси кыргыз жаранына катуу сүйлөп, же кол көтөргөндүгүн биз көрө алган жокпуз.

Чжо Дайсю, “Тянь-Шань Керамик” ЖЧКсынын башкы директору:

“Заводдо 200дүн тегерегинде кыргызстандын жарандары иштешет”

- Биздин компания 2017-жылы сентябрь айында Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагында керамика плиткаларын өндүрүп чыгаруучу заводдо өз ишмердүүлүгүн баштап, алгачкы сыноочу товарды чыгара баштаганбыз. Заводдун жалпы аянты 18,76 гектарды түзөт. “Тянь-Шань Керамик” компаниясы керамика чыгарган Кыргызстандагы жалгыз завод болуп эсептелет.

Биз күнүнө 20 миң квадраттык метр керамиканы жасап чыгарабыз. Керамиканы чыгарууга керектелген бардык материалдар Кыргызстандан алынат. Ошондуктан, бул жакта иш жүргүзүү ыңгайлуу. Завод толугу менен заманбап, мыкты техникалык база менен жабдылган. Бул жеке гана чыгарылган продукциянын сапаттуулугунан кабар бербестен, экологияны сактоо маселесинде дагы зор ролду ойнойт. Экологияны, айлана-чөйрөнү сактоо, учурдун башкы маселелеринин бири экендигин бардыгыбыз билебиз. Ошондуктан, биздин заводдун ишмердүүлүгүндө дагы экологияга зыян келтирбөө маселеси биринчи орунда турат.

Жогоруда айтып кеткендей, бизде чыгарылган керамика өзүнүн сапаттуулугу жана баасынын арзандыгы менен айырмаланат. Ошондуктан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан дагы келип бизден керамика сатып алган кардарларыбыз көп. Компания план боюнча Кыргызстанга 50 млн. доллар инвестиция кылмакчы. Жумуш эки этап менен жүзөгө ашырылууда. Учурда, биринчи этапка 30 млн. доллар сарпталып, ишке киргизилди. Заводдо 200дүн тегерегинде кыргызстандын жарандары иштешет. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү менен катар аймактардан келген жумушчуларыбыз дагы бар. Жумуштун экинчи этабы башталганда дагы жалпысынан 300 жумуш орду түзүлмөкчү.

Кыргыз-кытай алакасы байыртан эле болуп келген. Байыркы Улуу Жибек жолу менен аймактар арасында жеке гана соода-сатык байланышы өнүкпөстөн, тарыхый жана маданий алакалар дагы өөрчүгөн. Бүгүнкү күнү дагы бул байланыш өнүгүп келүүдө. Бардыгыбыз билгендей, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн бири. Бул дагы эки мамлекеттин өз ара кызматташуусуна мыкты өбөлгө болуп келүүдө. Өзгөчө, “Бир алкак - бир жол” долбоорунун негизинде дагы эки мамлекеттин кызматташуусу бардык тармактарда өнүгүүдө. Биздин компанияны Кыргызстанга келип ачканыбыздын дагы бир себеби, дал ушул эки тараптуу кызматташуунун чыңдалышы десек болот.

Мындан сырткары, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАӨБ) мүчө болуп киргенден кийин, бул жактын аймагынан кошуна өлкөлөргө бажы салыгын төлөбөстөн, соода-сатык иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ошондуктан, заводдун Кыргызстанда ачылып, иштөөсүнө бул дагы бир себеп болуп саналат.

Биздин компаниянын ишмердүүлүгүндө жергиликтүү бийлик, эл жакшы колдоо көрсөтүп келет. Айрыкча, завод жаңы ачылган кезде, анын ийгиликтүү иш жүргүзүүсү үчүн ар тараптуу мыкты колдоолор болгон.

Замир Молдокулов, “Тянь-Шань Керамик” ЖЧКсынын кызматкери:

“Кытай тарап аймактардан келген жумушчулар үчүн атайын жатакана куруп беришкен”

- Мен “Тянь-Шань Керамик” заводунда иштеп жаткандыгыма бир жылга жакын убакыт болуп калды. Буга чейин дагы бир катар жерлерде иштеп келгем. Жакындарым, досторум дагы кытай компаниясында иштеп жаткандыгымды колдошот. Чындыгында, кайсы жакта, ким менен иштеп жаткандыгым маанилүү эмес, эң негизгиси бардык шарттары менен каралган, жакшы жумуш болгону маанилүү го дейм.

Кытай тарап жумушчулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, аны жакшыртуу үчүн дагы көптөгөн аракеттерди көрүп келет. Бул жакта жергиликтүү гана аймактан эмес, түштүк тараптан, Таластан, Нарындан дагы келип иштеген жумушчулар бар. Ошондуктан, региондордон келгендер үчүн атайын жатаканалар салынган. Жумушчулардын тамактануусу үчүн ашкана да курулган. Заводдун кызматкерлерине айлык акы эч кечиктирилбестен, өз убагында берилип турат.

Менин жеке пикиримде, бул компаниянын келечеги кең. Учурда, завод Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен өнөктөштүк мамилелерин түзүп, кызматташуунун алгачкы кадамдары башталды. Дагы да башка мамлекеттер менен өнөктөштүк алакасын курат деп ойлойм. Ошондуктан, завод дагы өсүп-өнүгүү жолунда десек болот.

"Улуу Жибек жолу. Маданий өнүгүү" гезити,

30-июль 2018-жыл

Бишкек

Пикир

Оставить комментарий