• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ишкерлер бир жуманын ичинде 11 миңден ашуун электрондук эсеп-фактураны тариздешти

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Бир жуманын ичинде ишкерлер белгиленген тартипте электрондук кол тамганы колдонуу менен 11 миң 927 электрондук эсеп-фактураны тариздешти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда бул мезгилде "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасына 5 миң 71 ишкер катталган.

Электрондук эсеп-фактураны колдонуу – салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун жана "Санарип Кыргызстан"санариптик өнүгүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында 2020-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында киргизилген жаңы жол-жобо. Электрондук эсеп-фактуранын негизги артыкчылыктарынын бири ишкерлердин канцелярдык жана почта чыгымдарын азайтуу мүмкүнчүлүгү менен документ жүгүртүү ыкчамдыгын жогорулатууда, салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүдө турат.

Бардык КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү пайдаланууга өтүүлөрү керек. Мурда ыйгарылган эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ушул жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө салыктык катталган жери боюнча салык органдарынан жараксыз деп табууга болот.

Электрондук эсеп-фактураларды колдонууну баштоо үчүн www.esf.salyk.kg порталына кирип, маалыматтык системага катталууга электрондук кол тамгасы коюлган онлайн арыз берүү зарыл. Андан кийин электрондук эсеп-фактураларды пайдаланууга болот. Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы “Электрондук эсеп-фактура" бөлүмүндө ЭЭФ пайдалануу эрежеси, пакеттик жүктөмөлөрдүн форматы, көпчүлүк учурда берилүүчү суроолорго жооптор жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий