• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ишкерлер бирлиги: Импорттолгон данга КНС кайтаруу атамекендик ун чагаруунун ишин солгундатат

Коом 0


Бишкек, 7-июнь /Салтанат Абдраева - Кабар/. Импорттолгон данга кошумча нарк салыгын (КНС) кайтаруу атамекендик ун чагаруунун ишин солгундатат. Мындай тынчсызданууну “Кабар” маалымат агенттигине Кыргызстандагы Ишкерлер бирлигинин вице-президенти Замир Шаиков билдирди.

Анын айтымында Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгонго чейин ун чыгаруучу ишканалар 70-80% пайызга өзүнүн өндүрүштүк кубаттуулугун пайдаланып келген. Буга ылайык, 2014-жылы мамлекеттик казынага 400 млн сом салык которгон. Учурда абал оор. 20га чукул атамекендик комбинат токтоп турса, калгандары 30-40% гана иш аткарууда.

“Кыргызстандагы ун чыгаруучу комбинаттар, базарлардын басымдуу бөлүгү башка жактан келген унга толуп кеткенден улам, ишин токтотууга аргасыз болду. Бул өз кезегинде тоюттун тартыштыгына, ундун, эттин кымбатташына алып келди. Эң өкүнүчтүүсү 5 миңге чукул адам жумушсуз калды. Кыйын кырдаалда токтоп калбай, ишти алып кетүүгө бизге данды ташып келүүдө КНС алынып салынышы себеп болгон. Учурдагы депутаттардын импортко КНСти киргизүү демилгеси биздин ишти татаалдантып, бюджетке түшчү каражатты кыскартат”.

“Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев муну менен эмнеге жетишкиси келип жатканы бизге түшүнүксүз болуп жатат. Эгер бул сунуш ишке ашып калса, дээрлик бардык ун комбинаттары жабылып, өлкө чийки затсыз калат. Мындан тышкары 20 миң адам жумушсуз калат”, - деди ишкер.

Пикир

Оставить комментарий