• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ишкерлер бизнестин санариптик трансформациясын тездетүүгө чакырышты

Экономика 0

Бишкек, 31.07.18. /Кабар/. Ишкерлер бизнестин санариптик трансформациясын тездетүүгө чакырышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйындын жүрүшүндө “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева билдирди.

Анын айтымында, демилгенин максаты маалымат технологияларынын дооруна кирүү процессин тездетүү жана жеңилдетүү, салттык жана “жаңы” бизнестердин ортосунда көпүрө куруу.

“Биз экономиканын санариптик трансформациясын өкмөттүн цифровизация боюнча жумшаган күчтөрүн колдоп, “төмөндөн” баштап тездетүү үчүн чыгып жатабыз. Санариптик кайра түзүүлөрдүн структуралык жетишсиздиктери, ишкерлерде санариптик көндүмдөрдүн жетишсиздиги, аймактар аралык өнүгүүдөгү санариптик бөлүнүү атамекендик бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатат”, - деди Мамбеталиева.

Ал белгилегендей, демилге атамекендик бизнестин атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатат, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана товарлардын өтүшүн жакшыртат.

“Биз бизнестин ар кандай өкүлдөрү жолугушуп, бизнестеги көйгөйлөрдү маалымат технологияларынын жардамы менен кантип чечүү керектигин талкуулай турган платформа түзүүнү каалап жатабыз”, - деп билдирди КРнын Жогорку технологияларынын паркынын директору Алтынбек Исмаилов.

Пикир

Оставить комментарий