• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ишкерлер ЕАЭБ ченемдерине ылайык КРда товарларды изилдөөнү жүргүзө алышат

Коом 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда санитардык кызматтын сыноо лабораториялары 49 Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лаборатория борборунун башчысы Айгүл Жумаканова билдирди.

Анын айтымында, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эффективдүү иштөө максатында улуттук деңгээлде ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин 6 лабораториясы Лабораториялык сыноолор борборуна бириктирилди. 15 Психикалык ден соолук борбору жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин 17025 Эл аралык стандартизация боюнча уюм/Эл аралык электротехникалык комиссияга ылайык аккредитацияланды. 6 лаборатория шайкештикти баалоо боюна ЕАЭБдин сыноо лабораторияларынын бирдиктүү реестрине кирди. Бул бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө, ишкерлерге жана өндүрүшчүлөргө Кыргызстанда башка өлкөлөргө чыкпай туруп изилдөөлөрдү жүргүзүүгө шарт түздү.

“Россиядан жол картасынын алкагында КРнын ЕАЭБге кирүүсү боюнча грант менен Бишкектеги жана Оштогу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментин 2,4 миллион долларга жабдуу күтүлүүдө. Оштогу лабораторияларда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ал эми Бишкекте оңдоп-түзөө иштери башталды, 2018-жылдын сентябрь айында аякташы мүмкүн. Андан соң лабораториялардын шаймандарын алып келүү, инсталляция жана адистерди үйрөтүү башталат”, - деди ал.

Андан сырткары 2018-жылдын февраль айында ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин химиялык-аналитикалык изилдөө лабораториясы аккредитациянын аттестатын алганын билдирди.

“Аталган лаборатория ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин 37ден 19 коопсуздук көрсөткүчүн аныктоо боюнча сыноолорду өткөрүп жатат. Лабораториялык шаймандардын алынып келбешине карабастан техникалык регламенттердин 95 пайыз талаптарын аткарууга жетиштик”, - деди ал.

Жумаканованын айтымында, сырткы чек араларда 7 санитардык-карантиндик пункт бар. “Манас” жана “Ош” аэропорттору, “Иркештам”, “Торугарт”, “Кызыл-Бел”, “Кара-Суу” көзөмөл-өткөрүү пункттары керектүү шаймандар менен жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий