• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ишкерлер Ички иштер министрлигине алты автоунаа тапшырышты

Коом 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинде алты автоунааны тапшыруу аземи болуп өттү, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, унаалардын пчкычын тапшыруу аземине ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жеке ишкер Кайрат Аманов милиция кызматкерлерине кайрылып, “Ушул жылдын 5,6-октябрында болгон окуяда ички иштер органдарынын автоунаалары талкаланганын көргөнбүз. Ошондуктан ишкерлер жаңы жыл алдында биздин милицияга автоунаа тапшырууну чечкенбиз. Сиздер биздин бейпил жашообузду камсыздап, коомдук коопсуздукту сактап жатасыздар. Биз дагы сиздерди колдошубуз керек. Келе жаткан майрымыңыздар менен”, - деген.

Өз кезегинде ички иштер министри Улан Ниязбеков демөөрчүлөргө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, милиция коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо боюнча алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын белгиледи.

Бул автоунаалар Баткен, Жалал-Абад, Чүй, облустарына, Ош шаарына жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички аскерлерине муктаждыктарына жараша берилет.

Пикир

Оставить комментарий