• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ишкерлер патенттин суммасын кайра эсептетүүгө жана салык контрактынын колдонулушун токтото турууга укуктуу

Экономика 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы токтомуна ылайык, салык төлөөчүлөр мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайынын мезгилине туура келген патенттин негизиндеги салыктын суммасын кайра эсептетүүгө, ошондой эле салык контрактынын колдонулушун белгилүү бир мезгилге токтото турууга укуктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алсак, патенттин негизиндеги ишин кайра жандандырганда ишкер иши токтотулган күндү көрсөтүү менен патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө салык органына арыз берет. Салык органынын кызматкери патенттин бланкына иши кайра улантылган күндөн тартып пайдаланылбай калган күндөргө карата патенттин мөөнөтүн узарткандыгы жөнүндө белгини көрсөтүүгө жана штамп коюуга милдеттүү.

Мындан тышкары, ишкер субъект салык органына белгилүү бир мезгилге контрактын негизиндеги ишти токтото туруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Салык органы арыздын жана объектти изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде салык контрактынын колдонулушун белгилүү бир мөөнөткө токтото туруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий