• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ишкерлер товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдоно алат

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Ишкерлер товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдоно алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөтүнүн токтому менен экспортко багытталган салык төлөөчүлөрдү колдоо жана салык жол-жоболорун фискалдаштырууну киргизүүнүн алкагында салыктарды башкарууну жакшыртуу максатында, Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо бекитилди.

Жобого ылайык, товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү ыктыярдуу тартипте товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдоно алат.

Товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө – бул салык төлөөчүнүн Казыналык системасынын депозиттик эсебине Кыргыз Республикасынын аймагынан аталган товарларды толук көлөмдө кийин экспорттоо жана анын наркынан 3% өлчөмүндө бирдиктүү салык төлөө шарты менен Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга эсептелген КНСтин суммасын киргизүүсүн караган тартип.

Товарлардын экспорту ырасталганда, депозиттик эсепте турган КНСтин суммасы бюджетке алынбайт жана бул салык төлөөчүнүн импорттолуучу товарларынын кийинки партиясын импорттоодо КНС боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу болуп саналат. Товарлардын экспорту аныкталбаган учурда, депозиттик эсептеги КНСтин суммасы, мындай салык төлөөчүгө карата колдонулган мыйзамдардын талаптарына ылайык пайыздарды жана айыптарды эсептөө менен бюджетке эсептен чыгарылат.

Салык/бажы органы салык төлөөчү арыз берген күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен депозиттик каражаттарды кайра кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алат. Салык төлөөчүнүн депозиттик каражаттары эсептешүү эсебине товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенме менен кошо салыктардын башка түрлөрү боюнча салык карызы жок болгон учурда гана кайтарылууга тийиш.

Товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөөнүн режими салык төлөөчүнү салык жана бажы мыйзамдарында каралган бажы төлөмдөрүн жана башка салыктарды төлөөдөн бошотпойт.

Салык салуунун ушул режими ак ниет салык төлөөчүлөрдү товарларды импорттоонун ар бир этабында КНС төлөөгө жүгүртүүчү акча каражаттарын бөлбөө жолу менен колдоого, КНС боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды кыскартууга, тастыкталбаган экспорттук жеткирүүлөр боюнча КНСтин суммасын депозиттик эсептен бюджетке чыгарууга мүмкүндүк берет, КНСтин ашып кеткен суммаларын кайтарып берүүнүн же ордун толтуруунун жол-жобосун жеңилдетет.

Товарларды импорттого КНСти шарттуу эсептөө режими патенттин негизинде салык төлөгөн, финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн субъекттерге, инвестициялык фонддорго, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына, акциздик салыктын салык төлөөчүлөрүнө, коомдук тамактануу субъекттерине, курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттерине, телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүчү субъекттерге, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык төлөөчүлөргө карата колдонулбайт.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана 116 номери боюнча же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий