• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ишкерлерде насыя алыш үчүн күрөөгө коё турган мүлкү жок – президент

Президент 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Эмне үчүн региондор өнүкпөй келген? Анткени кредиттер келбей, бюджеттик кредиттик саясат аларга жетпей келген. Ишкерлерде насыя алыш үчүн күрөөгө коё турган мүлкү жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

undefined

Президент мен премьер-министр болуп турганда Кепилдик фондун түзгөнбүз деди.

"Мына эми бул маселеге көңүл бурулуп, Мамлекеттик кепилдик фонду аларга көмөк көрсөтүүдө, Фонд тарабынан берилген каражат 3 эсеге көбөйүп, 755 млн. сомго 656 долбоорго кепилдик берилди. Кепилдик фонд менен өнөктөш банктар аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүп, жалпы суммасы 3 млрд. сомго жакын кредит беришти. Бул дагы көбөйөт, регионго, айрыкча кайра иштетүү продукциясына каражаттарды бурабыз”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент РСК Банк тарабынан региондорго берилген кредиттердин өлчөмү 852 млн. сомго, же 11 пайызга көбөүп, азыр РСК Банк өзүнүн берген кредиттеринин 71 пайызын аймактарга бурганын белгиледи.

Айыл чарба тармагын каржылоо иштери жакшырып, Айыл Банк тарабынан өткөн жылы 13,2 млрд. сом, мурдагы жылга караганда 2,5 млрд. сомго көп кредит берилгенин, кредиттердин саны 5 миңге жакын өскөнүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий