• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ишкерлерди өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык чыгымга учураткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Алдамчылык аракеттерди жасоого шектелип мурда бир нече соттолгон Чүй облусунун 40 жаштагы жашоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы жаран өзүнүн мыйзамсыз аракеттери менен автоунаалардын ээлеринин жана ишкерлердин, анын ичинде имараттарды куруу менен алектенгендердин ишенимине кирип, аларга олуттуу материалдык зыян келтирген.

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге ишкерлер арыз менен кайрылышып, мыйзамсыз аракеттерди жасаган адамга карата тиешелүү чара көрүп берүүнү суранышкан.

2021-жылдын күз айында жаран Б.Н. алдоо жолу менен келишим түзүп, курулуп жаткан үйлөрдүн биринен батир алып, аны кийин үчүнчү жакка сатып жиберген.

Жабырлануучуга 25 миң АКШ доллары суммасындагы материалдык чыгым келтирилген.

Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Чүй ОИИББдин КМК менен биргеликте жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Дима” макамына ээ Талас облусунун 1981-жылы туулган Б.Н. аттуу жашоочусун кармашкан.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 2021-жылдын 13-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи май районунун сотунун токтому менен кармалган жаранды камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Андан сырткары, жогорудагы жаран башка укукка каршы аракеттерди жасоого шектелүүдө. Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов РИИБде алдамчылык фактылары боюнча иликтенип жаткан материалдар бар.

2020-жылдын жай айында автоунаанын ээсинин ишенимине кирип, "Лексус RX 330" үлгүсүндөгү автоунаасын "Лексус GX 470" үлгүсүндөгү автоунаага алмаштыруу боюнча пайдалуу келишимди сунуштаган жана автоунааны ээлеп алган соң изин жашырып кеткен. Жабырлануучуга миллион сомдон ашык материалдык зыян кетирилген.

Бул факты КЖБРге КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталган. Андан сырткары, ушундай укукка каршы аракеттер боюнча башка фактыларга дагы тиешеси бар. Буга чейин жаран Б.Н. жогорудагы факты боюнча кармалган жана сот тарабынан эки айга үй камагына алуу боюнча бөгөт чарасы тандалган. Бирок, ал изин жашырып, мурда көрсөтүлгөн дарегинде жашабай калгандыктан, бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча маселелер көтөрүлгөн.

Андан сырткары, жогорудагы жаран 2021-жылы эки чет өлкөлүк ишкерди өзгөчө ири өлчөмдө алдап кеткен. ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын маалыматы боюнча ал ишенимге кирип, ишкердин биринен баасы 120 миң АКШ доолары турган көп сандаган килемдерди (жүк ташуучу унаа толгон) ээлеп алып, изин жашырып качып кеткен.

Экинчи ишкерди дагы алдап, андан баасы 40 миң АКШ долларына жакын суммадагы килемдерин ээлеп алган.

Жогорудагы фактылар боюнча учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий