• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ишкерлерди текшерүү тартиби административдик жол-жоболорго шайкеш келтирилүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште ишкерлерди текшерүү жүрүмүн ыраатташтырууга багытталган “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдын жоболорун “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамдын административдик актыларды милдеттүү түрдө сотко чейинки тартипте даттанууну киргизүү бөлүгүнө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбооруна ылайык, текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим, текшерүүчү кызмат адамынын аракети жана ыйгарым укуктуу органдын чечими “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамда каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий