• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ишкерлердин укугун коргоо. Прокуратура жана бизнес-акыйкатчынын өкүлдөрү жолугушту

Коом 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. 12-апрелде Бишкек шаардык прокуратурасында КР бизнес-акыйкатчысынын орун басары Нурлан Мүсүралиев менен прокуратура органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Анда ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуу, ишкердик субъектилердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдар боюнча маселелер талкууланды.

Мындан сырткары, инвестиция жана ишкердик чөйрөсүндөгү көйгөйлөр, инвесторлордун укуктарын коргоо чаралары боюнча пикирлер ортого салынды.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен тараптар андан аркы кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий