• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ишкерлерге текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси кайрадан такталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеш «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтомун жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Экономика министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу алкагында Өкмөттүн жогоруда аталган токтомуна өзгөртүүлөр киргизилүүдө. “Тактап айтсак, мамлекеттин ашыкча көзөмөл милдетин кыскартуу чаралары көрүлүүдө. Ал ишкердик чөйрөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”, - дейт ал.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар ишкердик чөйрөнү ашыкча текшерүүлөргө жол бербөө тууралуу пикирлер айтылды.

Белгилей кетсек, адегенде ишкерлерди текшере турган 19 мамлекеттик орган болсо, кийин ал 13 органга чейин кыскатылган, азыр 10 гана орган калууда.

Пикир

Оставить комментарий