• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүү. “Смарт бажы” санарип платформасынын долбоору иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматында “Смарт бажы” жаңы санарип платформасынын долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Экономика жана каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

Анын айтымында, долбоор этап-этабы менен 2021-2023-жылдар аралыгында ишке киргизилет.

“Ата мекендик экспертизаны өнүктүрүү максатында “Смарт бажы” платформаны түзүүдө жергиликтүү IT-компаниялар иштешет. Ар кандай бажы жол-жоболорун өткөрүүгө убакыт негиздүү кыскартылып, өлкөнүн транспортук жана транзиттик дараметин жогорулатат. Санарип платформаны түзүүнүн максаты – тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн ылайыктуу шарттарды камсыздоо, ошондой эле өлкөнүн экономикасына инвестицияларды жогорулаткан бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу”, - дейт ал.

Шатемиров белгилегендей, алдыга коюлган максаттар төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:

- электрондук декларациялоого толук өтүү;
- товарлардын авточыгаруусун киргизүү;
- товарларды жана транспорт каражаттарын ташып өтүүдө “жашыл коридорлорду” колдонуу;
- электрондук декларациялоо борборлорун ишке киргизүү;
- бизнес платформалар менен терең интеграция;
- өткөрүү пункттарында контролдук функцияларды жүзөгө ашырууда “Бир аялдама” принцибин толук кандуу киргизүү.

“Мындан тышкары, кыска мөөнөттүн ичинде, тагыраак айтканда, ушул жылдын аягына чейин бажы кызматы электрондук декларациялоону “Бирдиктүү терезе” маалымат системасы менен интеграциялоо, накталайсыз бажы төлөмдөрүн толук кабыл алуу жана “Кырдаалдык борборду” толук кандуу ишке киргизүү жаатында иш-чаралар планданган. Иштер ведомство тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды жакшыртууну камсыздоого жана жарандардын бажы кызматынын ишмердигине карата ишениминин деңгээлин жогорулатууга багытталган”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий