• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ишкерликти аймактарда өнүктүрүү зарыл

Аймак 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов JICA Эл аралык уюмунун өкүлү, ишкерликти өнүктүрүү боюнча адис Йоко сан менен жолукту. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Йоко сан Кыргыз Республикасына 4-ирет келип жатканын маалымдап, КР Экономика министрлигинин сунушу менен облустардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча жакындан таанышуу максатында аймактарды кыдырып жатканын айтты. Ошодой эле, Японияда ишкананы иштетүү жана салык төлөө мөөнөттөрү тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшүп, ишкерликти өнүктүрүүнүн жолдору боюнча маалымат берди. Ишкерликти борбор шаарда гана эмес, башка аймактарда дагы өнүктүрүү менен экономиканын өсүшүнө жакшы натыйжага жетсе болоорун белгилеп, ишканалардын жаңы курулуштары, кадрларды даярдоо боюнча ой-пикирин айтты.

А.Кайыпов облус калкы айыл чарбасы менен алектенээрин айтып, басымдуу бөлүгү үй-бүлө кирешесин мал чарбачылыгы аркылуу табаарын билдирди. Учурда кичи ишканаларды ачуу жана жумуш орундарын түзүү боюнча бир катар иш-чаралар аткарылып жатканын маалымдады. Ишкерлерди колдоо жана ири долбоорлорду ишке ашыруу максатында эл аралык деңгээлде форумдар өткөрүлүп, чет элдик инвесторлор менен жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Облус башчы Япония эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан билим берүү тармагына гана эмес, ишкерликти колдоо боюнча көмөк көрсөтүп жатканына ыраазычылык билдирип, JICA уюму менен мындан аркы кызматташтык мамилелердин бекемдей берээрине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий