• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ишкер мугалимдин ийгиликтери

Аналитика 0

“Ар бир адамга берилген убакыт чектелүү” деп ар күнүн тынымсыз эмгек менен өткөргөн М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун окутуучусу Нуркыз Сүйүнбекова тигүүчүлүк өнөрү аркылуу ишкерлик чөйрөсүнө кадам таштаган. Жаштыгына карабай, ишкерликти максат кылып, “Нур” үлпөт көйнөктөр жана сулуулук салонун ачууга жетишкен окутуучу, уз, ишкер жана мээримдүү эне Нуркыз айым "Кабар" маалымат агенттигине ийгилик сырлары менен бөлүштү.

- Нуркыз айым айтсаңыз, тигүүчүлүк өнөр ар бир эле айымга берилбесе керек, сизге ушул өнөр кимден берилген деп ойлойсуз?

- Менимче өнөр адамга ген аркылуу берилсе керек. Чоң энем Эсенбүбү өз учурунда айылыбызда уз, оймочу жана сайманы мыкты сайган кол өнөрчү катары белгилүү болгон. Атам Сүйүнбектин сүрөт тартуу жана устачылык өнөрү бар. Апам Гүлнара да алардан кем калбаган тигүүчүлүк өнөрдү аркалайт. Балачагымда апам бизге көйнөктөрдүн сүрөтүн карап, бычып туруп сонун көйнөктөрдү тигип берчү.Балким ошондон улам, жаккан кийимди сөзсүз тигип кийиш керек деген ойдо чоңойсом керек. Ата-энем экөө тең таланттуу болушкандыктан, мага да кол өнөрчүлүк өтүптүр. Тигүүчүлүк өнөргө алгачкы жол салган деп атам менен апамды айтмакчымын. Себеби, сүрөт тартканды атам, ал эми тигип-бычканды апам үйрөттү.

-Алгачкы тиккен көйнөгүңүз дале эсиңизде болсо керек?

-Ооба, эсимде. Баардык кыздардай эле, алгачкы кооз көйнөгүмдү куурчагыма тиккенмин. Андан кийин канча ирет өзүм каалаган көйнөктү тигем деп ката кетиргеним дале эсимде. Ошондо туура эмес тиккен көйнөктөрүм азыркыга чейин гардеробумда турат. Ал учурда тикмечиликтин толук сырларын, эрежелерин жакшы өздөштүрбөсөм керек. Бирок аракеттин арты менен каалаган көйнөгүмдү тиккенди үйрөндүм.

- Жаңы көйнөктөрдү жаратууда кандай принциптерди карманасыз?

- Мен шуру, мончоктор менен иштегенди жактырам. Майда иш жана көп убакытты талап кылса да, сапаттуу тагылган кооз жасалгалар ар бир кардарды багындыра алат деп ойлойм. Коллекциямдагы көйнөктөрүмдү жаратуудагы эң башкы принцип бул - сапат.

- Үлпөт көйнөктөрүнөн башка кандай кийимдерди тигесиз?

- Эң алгачкы коллекциямды тартуулаганда, үлпөт көйнөктөрдүн коллекциясын алып чыккам. Азыркы тапта, форматымда кичине өзгөртүү кылып, буйуртмалардын негизинде ар кандай кийимдерди тигип жатам. Көбүнчө салтка айланган кыз узатуу тоюна жана түрдүү кече көйнөктөрүн тигем. Үлпөт көйнөктөрүн тигүүнү да калтырган жокмун.

- Учурда кандай үлпөт көйнөктөрүнө суроо-талап көп?

- Үлпөт көйнөктөр салонумда айлап убактымды алган шуру, мончок, таштар менен бастырылган, заманбап көйнөктөр бар. Эки жыл мурун үлпөт көйнөктөргө болгон көз караш башкачараак болчу, тактап айтканда, декоративдүү кооздолгон үлпөт көйнөктөрүнө басым коюшчу. Ал эми азыркы тапта, алдын ала алынган буйрутмаларга таянсам үстү жабык, ( V образный или лодычка) кооздуктары баалуу таштардан жасалган жана ыңгайлуулугуна карашат. Былтыркы жылдан бери бир эле тойго эки же үч көйнөк кийген мода болуп кетти. Ал көйнөктөрдү деле негизги кийип чыгуучу көйнөк сыяктуу дыкаттык менен тандап, өзгөчөлөнүп жатышат.

-Тигүүчүлүктөн ишкерликке өтүүдө кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз? Мындан сыркары эмне менен алектенесиз?

- Мурун үйдөн буйрутма менен көйнөк тигип жүргөнүмдө кыйынчылык жаралган эмес. Ишкерликке өткөнүмдө кыйынчылыктар болбой койгон жок, бут тосуулар, каршы чыгуулар көп эле болду.Үлпөт көйнөктөр салонун ачууда күн-түнү уктабай эмгектенгем. Ал эми сулуулук салонун башында ачканда, күйүп кеткем. Ижарага алып иштеткенимде алдап кеткен окуяларга да туш болгом. Бул нерселер ишкерликти баштоомдо мен үчүн сабак жана тажрыйба болду десем жаңылбайм. Кыйынчылыктарды жеңүүдө ата-энем менен бир туугандарымдын колдоосу чоң.
Мындан тышкары кесибим боюнча М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде мугалим болуп эмгектенем.

- Эл аралык көргөзмөлөргө чыгуу планыңызда барбы?

- Кудай буюрса жакынкы аралыктагы башкы пландарымдын бири. Эл аралык көргөзмөлөргө чыгууда талаптар көбүрөөк болот жана ал жакка мыкты дизайнер-модельерлер келет. Ошондуктан ал жакка татыктуу даярданып баруу керек. Эгерде барып калсам сөзсүз жакшы жаңылыгым менен бөлүшөм. Ага чейинки башкы максатым кардарларымдын каалоолорун ишке ашыруу. Кардарларга сапаттуу эмгек тартуулоо эң алгачкы жемиштүү баскыч деп ойлойм.

- Белгилүү болуу же бренд түзүү үчүн эмнеден баштоо керек?

- Бренд түзүү, атын чыгаруу үчүн талыкпаган эмгек талап кылынаарын жакшы түшүнөм. Башында аты үчүн жылдап эмгек кылышып, кийин белгилүүлүк киреше алып келип жаткан көптөгөн алдыңкы үлпөт салондорун, брендке айланган кийим дүкөндөрүн билебиз. Буга жетишүүнүн негизги жолу - сапат жана коллекциялардын өзгөчө болуусу деп ойлойм. Ошондой эле, туура жарнама кылуу жана туура товар айландыруу да көз каранды.

- Кыргызстандагы мода дүйнөсүн багындыра алды деп кимди айта алсыз?

- Өлкөбүздө талантуу дизайнер-модельерлер көп. Бирок, ошондой болсо да, мага жаккан, модага өзгөчө бир көрк кошуп келе жаткан, мен сыйлаган Анвар Турдубаев. Анын колунан жаралган эмгектер мыкты.

- Учурдагы кыргыз модасына берген бааңыз?

- Мода – бул коомдун күзгүсү жана анын акыбалынан кабар берет. Бүгүнкү күндө кыргыз модасы жогорку деңгээлде өнүгүп жатканы талашсыз. Биздин ата – бабаларыбызга таандык, менталитетибизге ылайык оймо – чиймелер түшүрүлгөн кийимдер, чепкен, кыргыз калпактарынын заманбап жаңыланып чыгып башташы чоң жетишкендик деп билем. Кийим маданиятыбызды чет жерлерге тааныштырып, аны жайылтсак мындан да жакшы болмок.

- Кыргыз жаштарына бере турган кеп-кеңешиңиз?

- Ар бир адамга берилген убакыт чектелүү. Эгерде биз өз жашообузда бир нерсеге жетем, ийгилик жаратам десек Анда көп уктабай, пайдалуу ойлонуп, билим алып, көз-карашыбызды ар тараптан өстүрсөк убакытты текке кетирген болбойбуз. Келечеги жаркын мамлекетте жашайм десек, өзүбүз үчүн гана эмес өлкөбүз үчүн да эмгек кылышыбыз керек. Ошондуктан ар бир ийгилигибиз Кыргызстандын келечеги үчүн арналсын!

- Маегиңизге рахмат!

Маектешкен Алина Керимбекова

Пикир

Оставить комментарий