• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Иштеп мэриясын ит капты

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшош болушу мүмкүн.

Капырай, жакындан бери Жармастандын мэриясын ит капты. Болгондо каратып туруп каап алып жатпайбы. Жармастандыктар кыйын эл. Бул окуяны “мурда эле мандеми бар эле, ит капкандан бери оңбой калды” деген, аныкталганына туп-туура отуз үч кылым болгон эзелки теориясына такап коюшту. Ушул теория иштеп кетти дешти. Учурда алыскы АТШдан - 4, жакынкы Жаврапиядан келген - 3, бардыгы 7 окумуштуу бул теориянын маани-маңызын иликтеп жатышат. Бирок ачалбай коюшту. Айласы кеткенде Арашандагы Ашаппай бакшыга барышкан экен, жети күнү меңдубанага, эки күнү ышкынга, бир күнү төө тапанга, жарым саат пияздын кабыгына чаначтай ыштап, анан баарынын башын ташка сүртүп, уйга жалатып, чымындын буту тайгалангандай таз кылып туруп: - Муну илимде “Жети таз форматы” дейт, ишиңер эми жүрө баштайт,- деп жолго салыптыр.

Байкуш “Жети таз” форматы ыйгарылган окумуштуулар Ашаппай бакшыдан араң кутулганына сүйүнүшүп, ошондон ары из суутуп кетишкен.

Бирок, Иштеп мэриясынын иши сууган жок. Тескерисинче кызыды. Жармастандын Баш быркыратурасы (жеткен жерин быркыратып жибергендиктен ушундай аташат) текшерүүсүн жогорку теориянын “мандем” деген сөзүнөн башташты. Иликтеп көрүшсө Иштеп шаарынын мурдагы мэри Ал-Жет Ыбырайовдун ишинен олчойгон мандем табылып, аны ошондон ары камап коюшту. Биринчи орун-басарынын мандеми да бир топ экен, УКУУ деген орган (“Урам качкыла укуругум узун” деп чечмеленет) укурук салып түз эле түрмөгө жетелеп кетишти. Мэриянын дагы бир бакандай бөлүм башчысынын да мандеми байкалып, башкаларга жукпасын дештиби өз үйүнөн чыгарбай камап салышты.

Ал арада Жармастандын эли “Иштеп шаарынын мэриясын ит капканбы, соосу калбай калган го” деген сөз чыгарышты.

Бул сөз Баш быркыратурага жетсе керек, кылдан кыйкым издеген немелер “ит капканы эмнеси, соо ит капчу беле” деген версиянын үстүндө иштеп жатышкан. Ал арада Баш быркыратура ызы-чуу эле түшүп калды. Көрсө, бир тергөөчүсү таң атпай “еврика, еврика” деп кыйкырган бойдон жумушуна чуркап келип, “Иштеп мэриясын жөн ит эмес, коррупциянын ити капкан” деген жыйынтыкка келгенин билдириптир.

Ошону менен Иштеп шаарынын мэриясын коррупциянын ити капканы тууралуу аңыз кептер айтылууда. Баш быркыратура мэриянын кайсы тешигинен кирип, кандайча каап кеткенин катуу териштирип жатат. Баса, Иштепте мэр болуп иштеп кеткен Жулматов дегенди да мурда эле камашкан. (Сыягы бечараны ошондо эле каап алса керек). Эми буларды корруциянын ити капканбы же көчөдөгү эле ит тиштеп алганбы, айтор аныгын сот билбесе бирдеме деп айтыш кыйын.

Бирок коррупциянын ити капса жугуштуу дешет. Анан калса бул итиң жалаң гана чоңдорду кабат тура. Иштеп шаарынын калкы эмки мэрди коррупциянын итине каршы эмдетип туруп, анан койгула деген талап коюшууда. Антпесе, кайсы бурчтан чыга калып каап кетээрин кайдан билебиз дешүүдө. Бийлик болсо коррупциянын итин кармап алып, тишин таш менен чагып, андан вакцина жасаганга катуу киришти...Кебетеси жакында далай чоңдорго эмдөө жүргүзүлөт окшойт.

Пикир

Оставить комментарий