• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин күчтөндүрүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 2-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Даир Кенекеевди кабыл алды жана Ош облусундагы көзөмөл-өткөрүү пунктундагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча буга дейре берилген тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Даир Кенекеев өз отчетунда белгилегендей, мурдараак берилген тапшырмага ылайык, «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылган. Учурда паспорттук көзөмөл жүргүзүү үчүн кошумча төрт кабинаны: 2 – республикага кирүү, 2 – республикадан чыгуу үчүн кабиналарды орнотуу боюнча иштер жүрүүдө.

Өкмөт башчы жүргүнчүлөр агымынын жогорулашына байланыштуу «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Сапар Исаков коомдук тартиптин сакталышына, өткөрүү пунктунда жана мамлекеттик чек арадан өтүүдө жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселесине басым жасады. Өкмөт башчы Даир Кенекеевге тапшырмалардын аткарылышын жеринде текшерүүнү тапшырды, буга байланыштуу вице-премьер-министр бүгүн Ош облусуна жумушчу сапар менен жөнөп кетет.

Бүгүнкү күндө 2018-жылдын январь айынан тарта «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда паспорттук көзөмөл 10 кабинада: 5 – республикага кирүүдө, 5 – республикадан чыгууда ишке ашырылууда. Көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жүргүзүлгөн иш-чаралардан соң, 1,7 эсеге жогорулап, суткасына 7 миңден ашуун адамды түзөт.

Белгилей кетчү нерсе, адамдар жыш өткөн учурда кезектер кыргыз жана өзбек тараптан бирдей катталууда.

Эскертсек, 2017-жылдын сентябрында Өзбекстан Республикасы Кыргыз Республикасына карай өтүүгө чектөөлөрдү алып таштаган.

Пикир

Оставить комментарий