• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Искендер Кадыркулов Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды

Спорт 0

Бишкек, 27.02.19 /Кабар/. Искендер Кадыркулов Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Мындай чечим бүгүн федерациянын жыйынында кабыл алынды.

Эске салсак, бүгүн федерациянын курултайы өтүп, катышкан делегаттардын добушу менен президент Жыргалбек Саматов кызматынан алынган болчу.

Катышуучулар көк-бөрү оюнунда жаралган маселелерди талкуулашкан. Жыйын учурунда делегаттардын бир бөлүгү залдан чыгып кеткен.

Федерациянын жаңы президенттин шайлоо эмки чогулушта чечилет деп кабарланган. Бирок бир нече убакыттан кийин жыйындын катышуучулары Кадыркуловду Көк бөрү федерациясынын президенти кылып шайлашты.

Жыргалбек Саматов Көк бөрү федерациясынын президенти болуп 2018-жылдын июль айында шайланган болчу.

Пикир

Оставить комментарий