• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исхак Масалиев: Өкмөттүн отставкасы сапатсыз иш менен шартталды

Коом 0

Бишкек, 19.04.18 /Кабар/. Бүгүнкү өкмөттүн отставкасы ар кыл тармактардагы сапатсыз иш менен шартталды. Мындай пикирин “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев билдирди.

“Кечээ оппозициялык фракциялар өкмөттүн отчетун угушту. Жыйында өкмөттүн ишиндеги катачылыктар аныкталып, буга байланыштуу анын ишине канааттандырарлык эмес деп баа берилди. Бүгүн, биз, 63 депутат парламентте сунуш киргизип, андан соң көпчүлүк добуш менен – 102 депутат өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөттү. Учурда чечим президентте калды. Менимче ал парламенттин чечимин колдойт”, - деди И.Масалиев.

Андан соң И.Масалиев өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүнүн себептерине кеңири токтолду. Анын ичинде депутат негизги себебин – сунушталган программанын аткарылбаганын белгиледи.

“Жогоруда белгиленгендей, мыйзамдын алкагында өкмөттүн отчету каралып, канааттандырарлык эмес деген баа берилди. Башкы себептери – бюджеттин аткарылбаганы, кышка даярдык, кадрдык алмашуулар жана айтылган программанын аткарылбаганы”, - деп белгиледи депутат.

Ошону менен бирге И.Масалиев өкмөттүн тез-тез алмашуусу чындыгында эч жакшылык алып келбейт деп эсептейт. “Өкмөттүн ишин баалоо үчүн анын иштөөсүнө үч жыл керек. Бирок, өкмөт башынан жакшы иштеп баштабагандыгын көрүп турсак, анда биз ушундай чечим кабыл алууга мажбурбуз. Биз – оппозициялык фракциябыз жана биздин милдет өкмөттүн кемчиликтери жана өз милдеттерин аткарбоосу үчүн болушунча сынга алуу”, - деп жыйынтыктады И.Масалиев.

Пикир

Оставить комментарий