• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленет. Жарлыкка президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын согуштан кийинки социалдык-экономикалык калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу жана 2020-жылы анын туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо максатында токтом кылынат:

И. Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

— бир айлык мөөнөттө И. Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

— аталган планды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл финансылык каражаттарды бөлүүнү кароо.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын президентинин пппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий