• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын Декларациясы

Коом 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. 2017-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында өткөн Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын жыйынтыгы боюнча Декларация кабыл алынды.

Декларациянын тексти:

"Биз, “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясынын катышуучулары, улуттук мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүгө жана тынчтыкка жапырт умтулуп, адам укуктары менен эркиндиктеринин, анын ичинде абийир менен дин тутуу эркиндигинин ортосундагы тең салмакты издеп жана коомдогу коопсуздукту камсыз кылууга негизденип:

● светтик мамлекет түрдүү диний жамааттардын өкүлдөрүнүн, динге ишенгендер менен динге ишенбегендердинкызыкчылыктарынын тең салмагын түзүүгө жана сактоого жөндөмдүү деп белгилейбиз;

● Исламдын баалуулуктары азыркы шарттарда диний эрежелерди өлкөнүн мыйзамдарына карама-каршы койбостон, светтик мамлекеттерде диндин гармониялуу өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп жатат деп белгилейбиз;

● мамлекеттин коомдук-саясий турмушуна жана эл аралык мамилелерге исламдын тийгизген таасири өсүп жаткандыгын белгилейбиз;

● социалдык-экономикалык көйгөйлөр, социалдык адилеттик маселелери радикалдуу идеологиядагы адамдардын жана уюмдардын активдешүүсү үчүн шарттарды түзүүдө; ошол эле учурда деструктивдүү топтор өздөрүнүн максаттарына жетүү үчүн Исламды жамынып алып диний риториканы колдонуп жатат деп белгилейбиз;

● мусулман элдеринин маданий өзгөчөлүгүн сактап калууну маанилүү деп эсептейбиз.

Биз ушул конференцияга катышкан өлкөлөрдүн бардык мамлекеттик органдарына, коомдукуюмдарына жана диний ишмерлерине кайрылып, төмөнкүлөргө чакырабыз:

1. Диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттердин эл аралык кызматташуусун жана тажрыйба алмашуусун кеңейтүүгө.

2. Исламдын азыркы мамлекеттердеги ордун жана ролун, мамлекет менен диндин өз ара иштөөсүн, конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүүнү талкуулоо үчүн Бишкек шаарында туруктуу эл аралык аянтчаны түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесин колдоого.

3. Бишкек шаарында эл аралык эксперттик жана камкорчулук кеңештери менен ислам изилдөөлөрүнүн илимий борборун түзүүгө көмөк көрсөтүүгө, имамдардын, теологиялык окуу жайлардын, ошондой эле диний чөйрөдө иштеген аялдардын жана жаштардын уюмдарынын ортосундагы тажрыйбаны алмашуу практикасын кеңейтүүгө.

4. Маданий, гуманитардык уюмдардын, өнүгүү программаларынын жана Ислам жамааттарынын өкүлдөрүн тартуу менен комплекстүү илимий изилдөөлөрдү ишке ашырууну демилге кылууга.

5. Катышуучу өлкөлөрдүн диний ишти тескеген мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн эл аралык консультациялык кеңешин түзүүгө.

6. Актуалдуу изилдөөлөрдү жарыялоо үчүн эл аралык “Ислам светтик мамлекетте” басма жана электрондук журналын чыгарууну уюштурууга.

7. Мамлекеттердин коомдук турмушунда Исламдынгуманисттик баалуулуктарын жайылтуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү өз ара иштешүүгө.

8. Радикалдык жана экстремисттик көз карашты карманган, ошондой эле терроризмге жана зордук-зомбулук иш-аракеттерине үндөгөн ар кандай топтордун же адамдардын кандай гана болбосун баш калкалоо жайларын, маалымат айдыңын жана саясий колдоону алуусун (камсыз кылууну) болтурбоого".

Пикир

Оставить комментарий