• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ислам дүйнөсү уюмунун аткаруу кеңешинин жыйынына маданият министринин орун басары Аманова катышты

Коом 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Билим берүү, илим жана маданият боюнча Ислам дүйнөсү уюмунун (ISESCO) аткаруу кеңешинин 41-жыйыны онлайн режиминде өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандан ИСЕСКОнун аткаруу комитетинин кезектеги сессиясына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышты.

Сессиянын жүрүшүндө министрдин орун басары Салтанат Аманова ИСЕСКОго өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарын сактоо жана жайылтуудагы жигердүү колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле ИСЕСКОнун Жаш адистер программасынын жана моделинин кабыл алынган долбоорлорун жана ИСЕСКОго мүчө мамлекеттердин улуттук комиссиясынын уставын колдоду.

Пикир

Оставить комментарий