• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ислам Каримовдун небереси Өзбекстандан чыгып кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 02.10.18. /Кабар/. Гүлнара Каримованын кызы жана Өзбекстандын биринчи президентинин небереси Иман Каримова Ташкенттен чыгып кетти. Бул тууралуу өзбек ЖМКлары жазып чыгышты.

Иман Каримова инстаграмдагы жеке баракчасына 28-сентябрда HY201 “Узбекистон хаво йуллари” каттамына Ташкент-Лондон маршруту боюнча коно турган талонунун сүрөтүн киргизген.

Акыркы жолу Иман Каримова өткөн жылдын сентябрь айында Ташкентте Ислам Каримовду эскерүү иш-чараларында жүргөндө байкалган.

Эске салсак, былтыр жайында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын иши боюнча деталдарды ачкан. 2015-жылдын августунда аны бир катар каржы кылмыштарында күнөөлүү деп табышып, 5 жылга эркинен ажыратышкан

Пикир

Оставить комментарий