• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ислам каржылоо принциптеринин негиздери

Аналитика 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Ислам каржылоо системасы ислам экономикасынын бир бөлүгү. Ал адатта, «пайызсыз система» деп аталат жана иш жүзүндө ислам укугунун башка тармактарын дагы өзүнө камтыйт.

Ислам каржылоо принциптери шарият өкүмдөрүнө жана эрежелерине негизделет, ошондуктан адаттагы финансы системасында кездешпеген өзгөчөлүктөргө ээ. Бул система ач көздүккө, башкаларды эксплуатациялоого эмес, адилеттүүлүккө, теңдикке жана өз ара кызматташтык идеясына негизделген.

Тобокелдиктерди бөлүштүрүү, реалдуу экономика менен байланышты эске алуу жана шариятка ылайык келүүсү ислам каржылоосунун эң көрүнүктүү өзгөчөлүктөрү.

Ислам каржылоосунун биринчи өзгөчөлүгү - бул тобокелдикти бөлүшүүсү. Кадимки коммерциялык келишимдердегидей эле, тобокелдикти же жоопкерчиликти акыркы натыйжасына карабастан бир тарапка гана жүктөп коюп пайда табуу шариятка туура келбейт. Тобокелдиктерди бөлүштүрүү принциби ислам банк ишинде негизинен мудараба модели аркылуу колдонулат. Мында ислам банкы өз акчасын менеджер же мудариб ролун аткарган кардарга инвестиция катары берет жана түшкөн пайда экөөнүн ортосунда алдын ала макулдашылган катышта бөлүштүрүлөт. Жоготуу болгон учурда, ислам банкы инвестор катары өз инвестициясынан, ал эми кардар мудариб катары пайдадагы өз үлүшүнөн зыян тартат. Башка бүтүмдөрдө да ислам банкы мурабахада товарды сатуучунун, ижарада лизинг берүүчүнүн, шарика/мушаракада өнөктөштүн ролун өзүнө алат жана пайда табуу үчүн кандайдыр бир тобокелдик же милдеттенмеден качпайт.

Акчаны карызга берүү менен пайда табуу шариятта соода келишими болуп саналбайт, ошондуктан акча каражаттарын карызга берген тарап кошумча пайданы эсепке албастан бериши кажет. Акча ишкердикке же экономикалык иш-аракетке жумшоо аркылуу гана көбөйөт. Мына ошондуктан, ислам банкы менен кардарлардын ортосундагы келишимдердин негизинде кандайдыр бир активдерди алмашуу же өнөктөштүк түзүлөт. Реалдуу экономика менен финансы системасынын ортосундагы бул байланыш ислам каржылоосунун экинчи өзгөчөлүгү болуп саналат.

Шариятка шайкештик – ислам каржылоосунун аныктоочу үчүнчү өзгөчөлүгү. Ислам финансы продукттары жана кызматтары белгиленген мыйзам ченемдерине же укуктук принциптерге карама-каршы келген бир дагы принципти жана шартты камтыбашы керек. Бул укуктук ченемдер мусулман аалымдары тарабынан кеңири кабыл алынган ислам мыйзамдарынын негизги принциптери жана маанилүү параметрлери болуп саналат.

Ислам каржылоосунун негизги принциптеринин бири сүткорлукка (риба) тыюу салуу болуп саналат. Риба сөзмө-сөз араб тилинен которгондо «өсүү», «сүткорлук», «көбөйүү» дегенди билдирет. Риба - шариятта акчаны же кээ бир товарларды карызга берүүдө же бүтүм түзүүдө каралган мыйзамсыз көбөйтүү. Пайызга акча берүү шариятта арам жана чоң күнөөлөрдүн бири болуп эсептелет.

Ислам каржылоосунун дагы бир маанилүү принциби – бул келишимдердеги гарар деп аталган бүдөмүккө тыюунун салынышы. Гарар - тараптар ортосунда талаш-тартышка алып келиши мүмкүн болгон келишимдеги ашыкча белгисиздикти же күмөн саноого негиз болгон жагдайларды билдирет. Гарар боюнча коюлган шарияттын эрежелерин жана принциптерин сактабоо келишимдерди жараксыз кылат жана ошол келишимдерден алынган кирешени арамга айлантышы мүмкүн.

Ислам каржылоосунун дагы бир принциби – алып-сатарлыкка (спекуляцияга), кумар, лотерея жана биржа оюндарына тыюунун салынышы. Себеби, бул нерселер эки тарапты тең бирдей эксплуатациялап, коомго терс таасирин тийгизери анык. Кадимки камсыздандыруунун да азыркы модели шариятта колдоо тапкан эмес. Анткени камсыздандыруу полисинин ээси тарабынан сыйлык төлөмү эки натыйжанын бирине алып келиши мүмкүн: ал берилген акчаны толугу менен жоготот же бир окуя болгон учурда кошумча акча алат. Бул кумар оюндарынын түшүнүгүнө туура келет.

Мындан тышкары, ислам финансысы этика жана адеп-ахлакка көбүрөөк басым жасайт. Демек, шарият боюнча келишим жарактуу болушу үчүн анын предмети да адал болушу керек. Тыюу салынган товарларды жана кызматтарды сатуудан же сатып алуудан гана алыс болуу зарыл.

Ислам каржылоо системасы банк иши менен гана чектелбестен, камсыздандыруу жана капиталдык рынок сыяктуу категорияларды да камтыйт. Исламий камсыздандыруу, башкача айтканда «такафул» потенциалдуу тобокелдикти баалоо, бөлүшүү же азайтуу аркылуу камсыздоо болуп саналат. Бирок кадимки камсыздандыруудан айырмаланып, исламий камсыздандыруу же такафул тыюу салынган риба, гарар жана кумар сыяктуу элементтерди жок кылуу менен тобокелдикти азайтуу максатын көздөйт. Ошондой эле ислам капитал рыногу да, капиталды издөөчүлөр жана капитал менен камсыз кылуучулар үчүн кадимки капитал рыногуна теңтайлаш рынок катары иштейт, а бирок жогоруда айтылып кеткен риба, гарар жана майсир (кумар) сыяктуу тыюу салынган элементтерден жана иш-аракеттерден оолак болуусу маанилүү.

Жогоруда айтылган принциптерге таянып, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында бир нече банк жана башка финансы-кредит уюмдары ислам принциптери боюнча каржылашат жана алардын саны күн санап өсүүдө.

«Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат-дыйканчылыкты өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан эки миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК тартылган. Бүгүнкү күндө «РСК Банк» ААК ислам каржылоо принциптери боюнча аталган долбоордун алкагында каржылоону региондордогу айыл чарбада эмгектенген ишкерлерге бере баштады. Долбоор боюнча максаттуу тармактар: өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү. Каржылоонун максималдуу мөөнөтү 36 ай, жеңилдетилген мезгил 6 айга чейин созулат жана кардарларга, эгер пайыздык ченге которсок - 6%дык үстөк менен берилет. Каржылоо шарттары «Айыл чарбасын каржылоо-10» мамлекеттик программасынын шарттарына окшош. Бул долбоордун бирден-бир өзгөчөлүгү - банктар аркылуу кардарларды каржылоо шарияттын принциптерине ылайык, өлкөдө болгон мурабаха, ижара жана башка ушул сыяктуу ислам банкингинин продукттары боюнча ишке ашырылып жаткандыгында.

Кыргыз Республикасынын банктары ушундай эл аралык институттар менен иштеши бул эл аралык институттардын Кыргыз Республикасынын финансы-кредит уюмдарынын ишине жогорку ишенимден кабар берет.

Автор - Акматжан Жумадыл, Ислам өнүктүрүү банкынын «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат-дыйканчылыкты өнүктүрүү» KGZ – 1022 долбоорунун ислам каржылоо принциптерин жайылтуу жана пропагандалоо боюнча координатору

Авторлош – Майташова С.Н. Улуттук банктын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ислам финансылык продукттар бөлүмүнүн начальниги

Пикир

Оставить комментарий