Ислам каржылоосу экономиканын жаңы секторун пайда кылат. Ишкерлерге банкирден кеңеш

Коом 0

Ислам Финансылык Борборунун башкаруучу директору Талант Керимбаев ислам банкингинин Кыргызстан экономикасына тийгизген таасири, ислам каржылоосунун биздин өлкөдөгү келечеги жана ислам банктарынын аркасынан динди түшүнүү кеңейгени туурасында айтып, ишкерлерге кеңеш берди.

Жакында эле эларалык Moody’s рейтинг агенттиги КМШ мейкиндигиндеги ислам каржы системасынын келечеги туурасында чоң макала жарыялады. Уюмдун прогнозу боюнча алдыдагы 5 жылда ислам негизиндеги каржылоо ургаалдуу өнүгөт. Анткени ислам банкингине кызыгуу абдан жогору.

Талант Керимбаев ислам каржылоосунун колдонулушу менен бара-бара экономиканын дагы бир жаңы сектору пайда болуп, ал рынокто жаңы компаниялар түзүлүп өлкө казынасы толукталат деген ойдо. ИФБнын директору ислам банкингине кайрылууда кызыгууну жараткан суроолорго жооп берди.

Ислам Финансылык Борбору кредит бербейт, каржы операцияларына катышат

Ислам Финансылык Борборунда акча накталай берилбейт. Акча каражаты кайсы бир ишке мисалы, инвестициялык долбоорго үлүш катары салынат. Мындан сырткары Кард Хасан принциби каралган, бул операция социалдык долбоорлорго колдонулат. Негизинен ислам банкингинде депозиттин 3 түрү бар. Биринчиси, жогоруда аталган Кард Хасан, анда кадимкидей эсеп ачылат, бирок банктык пайыз төлөнбөйт. Ишкер, компания, юридикалык жактар эсеп ачып эсеп-кысаптарын жүргүзсө болот. Экинчиси, Мудараба деп аталган толукталып туруучу депозит, анын 2 түрү бар. Бири, чектелүү Мудараба – кардар акчасын салып үлүшкө ээ болот. Ал эми чексиз Мудраба – инвестициялык операция болуп саналып, бир же бир нече адам белгилүү бир долбоорго инвесторлук кылышат.

Ислам банк жүрүмүнүн Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири

Кыргызстандын жалпы банк системасында ислам каржылоосунун үлүшү 2%ды түзөт. Бул аз болгон менен жаңы система үчүн өтө жакшы көрсөткүч. Анын үстүнө бул банктарга гана тийиштүү. Белгилүү болгондой ислам экономикасына банктардан сырткары чакан каржы рыногу, камсыздандыруу компаниялары, инвестициялык жана курулуш компаниялары ж.б. кирет. Бара-бара экономиканын дагы бир жаңы сектору пайда болуп, ал рынокто жаңы компаниялар ишке киришип калкка жумуш орундары түзүлөт. Ислам экономикасына инвестициялар тартылып, ишкерлер салык төлөшүп өлкө бюджети толукталат. Мультипликативдик эффект менен андан ар өнүгүп кете берет.

Экономика үй-бүлөлүк бюджетти акыл менен колдонуудан башталат

Айрымдар менден айына 1000 сом же 5000 сом эле артат, ал акча деле эмес, чыгымдалып кетет дешет. Мен айтат элем чоң финансы 1 тыйындан башталат деп. Бүгүнкү күнү биз керектөөчү жашоодобуз. Бизнестен тапкан кирешебизди, жумуштан алган маянабызды тамак-ашка жана кийим-кечеге коротобуз. Жогорку класстагы унаалар, мыкты мобилдик телефондор абдан кымбат турат. Аны ашыкча финансы жок болсо кыйналып карызга батып сатып алуунун зарылчылыгы жок. Ошол акчаны үнөмдөп жаңы идеяларга жумшоону ойлонуу керек. Экономика ушул нерседен башталат.

Ислам банктарынын аркасы менен динди жакшы түшүнө баштадык

Ислам каржылоосунун аркасы менен адал жана арам түшүнүктөрү кеңейди. Мындан сырткары, динди такыба кармабаган адамдар да ислам банкингинин экономикалык жана финансылык тараптарын түшүнүп кызматташууга келип жатышат. Ошондой эле мурда дин багытындагы талкууларда намазды кантип окуш керек, орозону кантип кармаш керек деген сымал суроолор көп болсо, азыр түшүнүк деңгээли кыйла жогорулап кантип кызматташуу керек, кантип карызга берип, карыз алса болот деген суроолор кызыктырууда.

Банкирден ишкерлерге кеңеш

Ишкерлер ислам банкинги дегеле банк менен иштешээрде көбүрөөк маалымат топтошу керек. Ислам экономикасы эмне экенин, эң негизги шартары кандай экенин билип, тажрыйбалуу адистер менен көбүрөөк талкуу жүргүзүүсү керек. Себеби жогорку билимди Малазияда, Улуу Британиядагы дүйнөлүк ири университеттерде алып келгендер ишти теориялык жактан абдан жакшы түшүндүрүшөөрүн байкадык. Бирок аларды биздин жашоо шартка алып келгенде абдан кыйналып калышат. Том-том болуп жазылган теорияларды биздин жашоого кантип алып киребиз деген маселе бар.

Ислам банкингинин Кыргызстандагы келечеги

Жакында эле эларалык “Moody’s” рейтинг агенттиги КМШ мейкиндигиндеги ислам каржы системасынын келечеги туурасында чоң макала жарыялады. Уюмдун прогнозу боюнча алдыдагы 5 жылда ислам каржылоосу ургаалдуу өнүгөт. Анткени ислам банкинги адамдарда чоң кызыгууну жаратууда. Бул тенденцияны биз өзүбүз да байкап жатабыз, ислам банкингине кайрылгандр күндөн-күнгө көбөйүүдө. Мурда жеке адамдар кайрылышса, эми ислам каржысына компаниялар, финансылык эмес компаниялар да келип, ишин ислам принциптерине тууралап жүргүзүү ниеттерин билдиришүүдө. Биздин кардарлар негизинен эки түргө бөлүнөт. Биринчилери диний ишенимдер менен келгендер. Экинчилери, динди такыба кармабаган, бирок ислам банкингинин экономикалык тарабына кызыгып келгендер.

Ислам банкингинин өнүгүүсү окуу жайларда адистердин даярдалышынан көз каранды

Ислам каржылоосу банк системасы катары 1970-жылдары Египетте пайда болгон. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзү боюнча 400гө жакын ислам банкы бар. Бирок ислам банкингинин өнүгүүсү алардын саны менен эсептелбей. Менин пикиримде өнүгүүнүн көрсөткүчү жогорку окуу жайлардын, факультеттердин, бизнес мектептердин болушунан көз каранды. Анткени алардан адистер даярдалып чыгат. Адистер каржы, банк же болбосо инвестициялык фонддорду ачып иштете башташат. Улуу Британияда 68 факультет жана институт бул багытта билим берип келет. Дүйнөлүк банк, АБР, Сити Банк сымал дүйнөлүк гиганттарда ислам каржылоосу боюнча чоң департаменттери, бөлүмдөрү иштейт. Ал эми КМШ мейкиндигинде жаңыдан башталууда.

Контакттар:

6111

0554 006 111

http://ifcenter.kg

Пикир

Оставить комментарий