• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ислам менен Православиенин өз ара карым-катнашы конструктивдүү негизде өнүгүүсүн камсыздайбыз - президент

Президент 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Ислам менен Православиенин өз ара карым-катнашы конструктивдүү негизде өнүгүүсүн камсыздайбыз, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференциясында.

Президент билдиргендей, жеке эле дин эмес, маданият, тил, кадаа-салт, илим, билим берүү жаатындагы терең кызматташуу — өлкөлөр ортосундагы ынтымактын негизги фактору болуп саналат.

«Коомубуздагы диндер аралык тынчтыкты, ынтымакты сактоо жана бекемдөө — ар кандай экстремисттик жана радикалдуу агымдарга каршы турууга шарт түзөт. Бүгүнкү конференция сыяктуу биргелешкен иш-чаралар чогуу иш алып барууга жол ачат. Ошондой эле Ислам жана Православиенин тыгыз кызматташтыгы — ЕврАзЭСтин алкагында биздин жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзөт. Бул биримдиктин алкагында элдерибиздин диний, маданий, социалдык өзгөчөлүктөрү сыйлоо менен кабыл алынат. Евразиялык мейкиндик — жалпы тарыхка ээ болуу менен өз ара аракеттенүүнүн, жанаша жашоонун орду болуп калат. Баардык коңшу мамлекеттер менен да дин багытындагы кызматташтыгыбызды күчөтөбүз. Биз ханафий масхабынын жана православиенин тарыхий жана маданий ролун, коомдун келечеги үчүн өзгөчө жоопкерчилигин эске алып, алардын мамлекет менен иш-аракеттенүүдөгү өзгөчө статусу жөнүндө ойлонгонубуз зарыл», - деди өлкө башчысы.

Мындай практика көп өлкөлөрдө бар экендигин кошумчалаган президент, коомубуз жактырган асыл максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик уюмдар менен Диний башкармалык бир ыргакта аракет кылганы зарыл, деди.

Пикир

Оставить комментарий