• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ислам өнүктүрүү банкы Өзбекстандын жаңы клиникалары үчүн 17 миллион доллар бөлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Ислам өнүктүрүү банкы коронавируска каршы күрөшүү максатында жаңы салынып жаткан клиникаларга медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн Өзбекстанга 17 миллион доллар бөлдү.

Мындан тышкары 8-апрелде өткөн видеоконференцияда Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Умурзаков менен Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар Хажар саламаттык сактоо системасынын башка керектөөлөрүн, орто жана чакан бизнести колдоо үчүн кошумча 140 миллион доллар бөлүү маселесин карап чыгууга макулдашкан.

Өзбекстанда коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн ооруканалар салынууда. Саламаттык сактоо министрлиги март айынын аягында билдиргендей, клиникалар Ташкент шаарында жана өлкөнүн төрт облусунда жайгашат. Ташкентте ушул тапта заманбап үч клиника курулууда.

Өзбекстанда 12-апрелге карата вирус 865 кишиден табылып, 42 бейтап айыгып чыкты, 4 киши көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий