• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык спортчулар Тыныбекова жана Акматалиев Ислам оюндарынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев финалга жолдомо алды. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айсулуу Тыныбекова алгач эле 1/4 финалдан баштап, казакстандык спортчуну жеңген. Жарым финалда сенегалдык балбан кыз менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды. Спортчу 62 кг салмак даражада беттешүүдө.

Финалдык беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 21.00дө башталат.

Ал эми Эрназар Акматалиев жалпы 3 беттешке чыкты. Алгач түркмөнстандык балбанды, кийин 11:0 эсебинде тажикистандык балбанды жеңди. Жарым финалда азербайжандык балбан менен күч сынашып, 12:1 эсебинде утту. Балбан 70 кг салмак даражада беттешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий