• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ислам оюндарындагы алгачкы алтын! Эрназар Акматалиев жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Эрназар Акматалиев жалпы 4 беттешке чыкты. Алгач түркмөнстандык балбанды, кийин 11:0 эсебинде тажикистандык балбанды жеңди. Жарым финалда азербайжандык балбан менен күч сынашып, 12:1 эсебинде утту. Ал эми финалдык беттеште Акматалиев 6:0 эсебинде ирандык балбанды жеңди.

Белгилей кетсек, бул Ислам оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы алтын медалы.

Пикир

Оставить комментарий