• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ислам университетинин Оштогу колледжинин имараты обсервация катары пайдаланылат

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаарындагы Кыргызстан Ислам университетине караштуу Ош колледжине барып, аталган окуу жайдын ректору Абдишүкүр Нарматов менен жолугушту.

Жолугушууда А.Нарматов шаар мэрине Кыргызстан Ислам университетинин Оштогу колледжинин имараты жана жатаканасы обсервация катары пайдаланууга бергенин билдирди, - деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Ош шаарынын мэри кыйын кырдаалда окуу жайды обсервация катары пайдаланууга тапшырып жаткан А.Нарматовго ыраазычылык билдирди. Бул жайда 50 орун даяр.

Ошондой эле окуу жайдын ректору шаардагы ооруканаларга төрт даана кычкылтек концентраторун жана 60 атайын коргонуучу медициналык кийимдерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий