• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

“Ислам жана Православие – тынчтыктын диндери” эл аралык конференциясынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясынын ишине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Ислам жана Православие биздин руханий мурасыбыз жана тынчтыкта бири-бирин урматтоо менен бирге жашоонун мыкты үлгүсү экенин белгиледи.

Коомубуздагы диндер аралык тынчтыкты, ынтымакты сактоо жана бекемдөө — ар кандай экстремисттик жана радикалдуу агымдарга натыйжалуу каршы туруу үчүн шарт түзөрүн белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Ислам жана Православиенин тыгыз кызматташтыгы — ЕврАзЭСтин алкагында биздин жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзөрүн кошумчалады.

Евразиялык мейкиндик — жалпы тарыхы бар элдер тынчтыкта жанаша жашаган жана өз ара аракеттенишкен аймак болуп каларын баса белгиледи.

Медреседе болобу, чиркөөдө болобу, диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик негизги жалпы билим алууга кедерги болбошу керектигин, Кыргызстан өлкөнүн Конституциясына ылайык светтик багытта туруктуу өнүгүүгө багыт алганын баса белгиледи.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин конференциянын катышуучуларына жана конокторго кайрылуусун Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко окуду.

Ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс, РФ мусулмандарынын дин башкармалыгынын биринчи орун басары Дамир хазрат Мухетдинов, Орус Православ чиркөөсүнүн Борборазиялык митрополиттик округунун башчысы, Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Муфтий Максат ажы Токтомушев, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епискобу Даниил жана башкалар куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөштү.

Конференциянын ишине Кыргызстандын, Россиянын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, диний уюмдардын, дин, радикалдашуунун жана экстремизмдин алдын алуу маселелери боюнча академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

«Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясы «Ислам азыркы светтик мамлекетте» деп аталган I жана II эл аралык илимий-практикалык конференциялар циклинин уландысы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий