• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исламабад 1-мартта өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине даярданууда

Дүйнө 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Пакистандын башкалаасында 1-мартта өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун саммити алдында катуу коопсуздук чаралары көрүлүүдө деп билдирди "EADaily" .

Исламабадда кошумча ички коопсуздук күчтөрү тартылды деп маалымдады өлкө ИИМи.

Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия аймактарында соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү планы кабыл алына турган Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине Уюмдун 10 мүчө мамлекеттеринин өлкө жана өкмөт башчылары катышат.

Пакистан, Иран жана Түркия Экономикалык кызматташтык уюмунун уюштуруучулары болуп саналышат. Аймактык экономикалык уюмга ошондой эле Азербайжан, Ооганстан жана Борбордук Азиянын бардык 5 мамлекети (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет).

Пикир

Оставить комментарий