• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Исламабад шаарында КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу кабыл алуу уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-сентябрында Исламабад шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргызстандын Пакистандагы элчилик тарабынан уюштурулган салтанаттуу кабыл алуу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев дипломатиялык корпустагы кесиптештерине, ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтык өнүктүрүгөө жана чыңдоого салым кошуп жаткан көптөгөн пакистандыктарга салам айтты.

"Элчи У. Тотуяев биздин өлкөнүн эгемендүүлүгү учурунда негизги жетишкендиктерин баса белгилеп, кыргыз-пакистан кызматташтыгын мындан ары активдештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмесин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Элчи пакистан тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирип, келечекте эки тараптуу мамилелер ырааттуу түрдө өнүгөөрүнө, өлкөлөр ишенимдүү өнөктөштөр гана эмес, жакшы достор бойдон калаарына ишенимин билдирди.

Иш-чаранын ардактуу коногу катары Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясынын губернатору Шах Фарман өз сөзүндө Кыргыз Республикасын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, Пакистан менен Кыргызстандын тарыхый, диний жана маданий тыгыз байланыштары бар экенин белгиледи.

Шах Фарман Пакистан Кыргызстандын жетекчилиги менен биргеликте эки тараптуу кызматташуунун эбегейсиз потенциалын ачып берүүгө жана өз ара аракеттенүүнү дайыма жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр экенине ишендирди.

Сөзүнүн аягында губернатор «Пакистандын деңиз порттору боордош Кыргызстан үчүн ар дайым ачык экенин» белгиледи.

Кеченин алкагында кабыл алуунун коноктору тематикалык фото көргөзмө жана кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн буюмдары менен таанышты, ошондой эле кыргыз боз үйүнүн ичине кирип, улуттук тамак-аштан даам сызып, кыргыздын меймандостугунун атмосферасына ээ болушту.

Ошондой эле коноктор үчүн Кыргызстандагы туризм жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү, кыргыз компаниялары тууралуу маалымат жазылган буклеттер таркатылды.

Салтанаттуу кече элчиликтин чакыруусу менен Пакистанга атайын келген кыргыз артисттеринин концерттик программасы менен коштолду.

Иш-чара салтанаттуу жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий