• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исламабад шаарында "Кыргыздар" аттуу китептин бет ачары өттү

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-июнунда Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында, россиялык журналист жана изилдөөчү М.Баканованын орус жана англис тилдеринде жазып чыгарган "Кыргыздар" аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев өз сөзүндө Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизги этаптары жана биринчи Кытай хроникасындагы кыргыз эли жөнүндө биздин эрага чейин 3 кылымдагы жазуусу, Кыргыз каганатынын 9-10 кылымдагы гүлдөөсүү, совет доорундагы жана өлкөнүн 1991-жылдагы эгемендүүлүгү жөнүндө айтып берди.

М.Баканова Борбордук жана Түштүк Азия элдеринин тарыхый байланыштарын, байыркы кыргыздардын Афганистандагы Вахан коридорун, Пакистандын түндүк-чыгышындагы Хунза чөлкөмүн, ошондой эле Кашмирде жашаган элдер менен өз ара мамилесин белгиледи.

Иш-чарага Исламабаддагы дипломатиялык корпустун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, “Кыргыздар” аттуу китеп ушул жылдын февраль айында Канадада басылып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий