• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исламабадда Кыргызстан менен Пакистандын ар тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. 17-августта Исламабад шаарында КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев саясий маселелер боюнча ТИМ аралык консультацияларга катышуунун алкагында Пакистандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары С.Махмуд менен жолугушту.

Ведомстводон билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулап, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Афганистандагы кырдаал боюнча пикир алышты.

Тараптар түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча болгон потенциалды иш жүзүндө ишке ашыруунун, ошондой эле аймактык жана эл аралык платформалардын алкагында эки тараптуу тыгыз кызматташуунун зарылдыгын белгилешти.

Министрдин орун басары Артыкбаев быйылкы жылы эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу эки мамлекеттин борборлорунда бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну, ошондой эле кыргыз-пакистан кызматташтыгына олуттуу импульс бере турган Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда 5 жылга кызматташтык программасын иштеп чыгуу жана кол коюуну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий