• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исламабадда Кыргызстан менен Түркмөнстандын ТИМ башчылары жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 22-мартында Исламабадда өткөн Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Руслан Казакбаев түркмөн тарапты Түркмөнстанда өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун жана үстүбүдзөгү жылдын 19-мартында президент С. Бердымухамедовдун инаугурациясында ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады жана Түркмөнстандын элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Министр Р. Мередов өз кезегинде кыргыз тарапка куттуктоосу жана Кыргызстандан шайлоого эл аралык байкоочуларды жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы деңгээлине оң баа берип эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү, энергетика, айыл чарба, жеңил өнөр жай, туризм, транспорт жана транзит тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле алдыда боло турган саясий мүнөздөгү иш-чараларды, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери козголду.

Мындан тышкары, министрлер быйыл белгиленүүчү Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө боюнча биргелешкен пландар боюнча пикир алмашышты.

Соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарап Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фонддун түзүү маселесин кароону тездетүүнү жана быйыл ишке киргизүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, министрлер алдыда боло турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алмашып, регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана тереңдетүүдө бул жогорку деңгээлдеги регионалдык платформанын уникалдуулугун жана маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий