• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исламбек Орозбеков Дүйнө кубогунда коло байге жеңди

Спорт 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Исламбек Орозбеков эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Орозбеков 70 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан тарта күрөшүп баштаган. Ал албаниялык, индиялык балбанды жеңип, түркиялык спортчуга жеңилип калган.

Мындан улам коло үчүн кармашууга чыккан. Үчүнчү орун үчүн күрөшүүдө Орозбеков азербайжандык Гитиномагомед Гаджиевди 6:5 эсебинде жеңип алган.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште Кыргызстандын куржунунда буга чейин 7 медаль чогулган: грек-рим күрөшү боюнча Жоломан Шаршенбеков, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова алтын медаль жеңишкен.

Ал эми Калы Сулайманов, Руслан Царев (грек-рим күрөшү), Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) жана Айаал Лазарев (эркин күрөшү) коло медалдын ээси болушкан.

Пикир

Оставить комментарий