• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исламбек Орозбеков эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Исламбек Орозбеков Динмухамед Кунаевдин элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште үчүнчү орунга татыды.

Мелдеш 16-17-ноябрда Казакстандын Тараз шаарында өттү.

Орозбеков 70 кг чейинки салмакта катышкан. Жарым финалда россиялык Револий Самсоновго утулуп коло медалдын ээси болду.

Ал эми 97 кг чейинки салмакта Арсланбек Турдубеков байгелүү орундарга илинбей, мелдештин төртүнчү сабына жайгашты.

Пикир

Оставить комментарий