• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исламда саламаттыкты жана жашоону узартуу үчүн эмдөө жасоого тыюу салынбайт – Кадыр Маликов

Коом 0

Бишкек, 06.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Исламда саламаттыкты жана жашоону узартуу үчүн эмдөө жасоого тыюу салынбайт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Кыргызстан уламалар кеңешинин мүчөсү, дин таануучу Кадыр Маликов билдирди.

Белгиленгендей, Нарында айрым динчилдер кургак учукка каршы эмдөөдөн диний көз караштарына байланыштуу баш тартышкан.

Маликовдун айтымында, вакцинадан баш тарткандар Россияда дагы мусулмандардын да, христиандардын да арасында бар. Дин таануучунун пикиринде, бул ириде коомдо “массалык кутум теориясы” идеясы же вакциналардын сапатына ишенбөөчүлүк бар. Анткени ЖМКларда вакциналар улуттарды, калкты жок кылуу максатында жасалат деген маалыматтар жайылтылууда.

“Мында күмөн жараткан эмдөөнүн исламга канчалык дал келери же тескерисинче каршы экенинде эмес. Ошондуктан бул маселени чечүүдө өлкөнүн Мусулмандардын дин башкармалыгы жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан лабораториялык изилдөо жолу менен медициналык тыянактарга ылайык вакцинанын тескери таасири жок экени жана балдардын саламаттыгына зыянсыз болушу тууралуу түшүнүк берген так позиция болушу керек”, - дейт өз пикиринде Маликов.

Ошону менен бирге ал калк арасында диний сабаттуулуктун жоктугу, исламда эмнеге уруксат, эмнеге тыюу салынганы тууралуу билбестик маселеси бар экенин белгиледи.

“Жада калса, шариятта адам чаңкоодон же ачкачылыктан өлүп бара жатса, анда чочконун этин жеп, шарап ичкенге боло тургандыгы айтылат. Биринчи кезекте ислам адамзаттын өмүрүн жана саламаттыгын баалайт. Эгерде ал муну жасабаса, анда ал өзүн өзү өлтүргөнгө тете. Тактап айтканда, ислам саламаттык сактоо жана алдын алуу чараларын колдонуу позицияларын карманат”, - деди ал.

Теолог ислам жана илим бири-бирине карама-каршы эместигин белгиледи. Шариат көпчүлүк учурда тажрыйбаларга жана илимий далилдерге негизделет.

“Мунун баары “Акыда” дин эрежелеринин жыйындысынан келип чыгат. Ага ылайык, ар бир мусулман Алла жаратып, анын убактылуу пайдалануусуна берилгендердин баарына ишенүүсү керек. Кыяматта адам денесине кандай кам көргөнүнө, кандай колдонгонуна сурак болот”,- деп түшүндүрдү Маликов.

Пикир

Оставить комментарий