• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исмаилова: Ар-кандай түрдөгү зомбулуктарга жол бербөө гендердик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат

Өкмөт 0

Бишкек, 14.06.20. /Кабар/. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн биз Сузак районунун Бек-Абад айылында орун алган үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу ыкчам чогулуп отурабыз. Коомубуздагы зомбулук фактылары боюнча статистика кооптуу, балдар, аялдар жана эркектер да зомбулуктан жабыркаган учурлар катталууда. Адамдын негизги укугу – жашоого, кол тийбестикке, урмат-сыйга жана ар-намыска, мыйзам алдында тең укуктуулукка карата болгон укугу болуп саналат. Биздин мамлекет үй-бүлөнүн, балдардын жана аялдардын укугунун корголушун камсыздайт. Өлкөдө «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзам иштейт. Укуктук мамлекетте ар бир жаран өзүн мамлекет тарабынан корголгонун сезүүсү кажет. Мыйзамды бузган ар бир адам жоопкерчиликке тартылышы керек. Ар бир жаран жоопкерчиликтен кача албастыгын түшүнүүсү абзел, мунун өзү кылмыштардын алдын алууга шарт түзөт», - деди ал.

Вице-премьер-министр белгилегендей, статистика боюнча, бир ирет орун алган зомбулук 70% учурда кайталанышы ыктымал.

«2013-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын катталган саны 2339 болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 7178ге жеткен. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында 2319 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы орун алган, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 65%га көп, муну аргасыз обочолонуу жана үй-бүлөдөгү экономикалык абалдын начарлашы менен байланыштырууга болот.

Жакында Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзам кабыл алынган. Ал үй-бүлөлүк зомбулукка шектүүлөрдү 48 саатка кармоого шарт түзөт. Бул зомбулуктун курмандыктарынын коопсуздугун камсыздоого жасалган чоң кадам. Мындай иштер жеке айыптоо иштерине киргендиктен, аял арыз менен кайрылып, кылмыш ишин козгоого даяр шартта да, ага көрсөтүлгөн зомбулукка карата зарыл болгон далилдерди эч кандай колдоосуз өз алдынча топтоого туура келет.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжасында психологиялык жактан жабыркаган абалда мунун баарынан өтүү кыйын.

Аялдардын социалдык-экономикалык алсыздыгы аларды тандоо укугунан ажыратып, белгилүү бир жагдайларда калууга мажбурлайт. Мамлекеттин милдети – аялдардын экономикалык өз алдынчалыгына колдоо көрсөтүү, кыздарга билим берүү, саламаттыгын колдоо.

Ошентип биз сот адилеттиги, зомбулуктун курмандыктарына жардам көрсөтүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча коом менен иштөө багыттарында иштерди күчөтөбүз. Улуттук кеңеш гендердик саясат жаатында координациялоо жана өз ара аракеттенүү үчүн туруктуу «жандуу» таасирдүү аянт болушу керек. Ар кандай түрдөгү зомбулукка жол бербөө гендердик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат», - деди вице-премьер-министр.

Улуттук кеңештин жыйыны Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы үй-бүлөлүк зомбулук фактысын кароо үчүн ыкчам тартипте өткөрүлдү. Видеоконференция түрүндө өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик орган жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, укук коргоо орган жетекчилерине аялдарды жана балдарды зомбулуктун бардык түрүнөн коргоого багытталган мыйзам ченемдеринин кынтыксыз аткарылышын камсыздоо тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, жыйында Сузак районунун жетекчилеринин начар координациясы белгиленип, тийиштүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Маалымдама: Өнөктөштөрдүн колдоосунда Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга убактылуу баш калкалоочу жай түзүлгөн. Мында юридикалык кеңеш берилип, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча эскертмелер иштелип чыгып, түз байланыш номерлери (102,103, 111, 112, 117) иштейт.

Пикир

Оставить комментарий