• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исмаилова: Бүгүнкү күндө Бишкекте эмделген адамдардын пайызы аз

COVID - 19 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда азыркы учурда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат. Бул көптөгөн факторлорго байланыштуу: элдин коопсуздук чараларын сактабагандыгы, массалык иш-чаралардын өткөрүлүшү, вирустун жаңы штаммдары. Республикада эмдөөнүн көбөйүшүнө карабастан вирустун жайылуусун токтотуу мүмкүн болбой жатат. Эгер былтыркы жылды эстей турган болсок, анда дагы кырдаал ушул сыяктуу болгон жана вирустун жугуусу жай айларынын аягына жакын төмөндөгөн. Эксперттик коомчулук инфекциянын жайылышы менен күрөшүүнүн жолдорун, аны локалдаштыруу, андан тышкары башка өлкөлөр тарабынан берилген жардамды талкуулоону чечти.

«Пикир» аймактык эксперттер клубу тарабынан уюштурулган «Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну: мамлекет жана өлкөнүн калкы үчүн жаңы чакырыктар жана коркунучтар» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө эксперттер өз ойлору менен бөлүштү.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова Бишкек шаары бүткүл өлкө боюнча эпидемиянын борбору болуп саналат деп билдирди. Анын айтымында, күн сайын илдетти жугузуп алган жана байланышта болгон адамдар көп болууда.

«Мэрия илдетти мындан ары жайылтпай кармап калуу боюнча чараларды көрүүдө. Өткөн жылы ооругандарга барган ыкчам топ түзүлгөн. Шаар боюнча 40 топ иштеп жатат. Муну менен катар 118 колл-борбору иштеп жатат. Жашоочулар кандайдыр бир арыздар болсо ушул номерге кайрылышса болот. Ал жерде дарыгерлер, же ыкчам топ бөлуштүрүлүп, жөнөтүлөт. Бишкек шаары боюнча үй карантининде 1 миң адам бар, анын ичинен 6 миңи ПЧР тести оң көрсөткөндөр. 6 миңден ашыгы оорулуу менен байланышта болгону үчүн карантинге алынгандар. Бригадалар 800 гө жакын чыгуу жасашат. Кечээ акция өткөрүлдү, анын жүрүшүндө 250дөн ашык адам эмделди. Бүгүнкү күндө Бишкекте эмделгендер аз. Эми эмдөө ири базаларда жана соода борборлорунда жүргүзүлөт»,-деди эксперт.

Пикир

Оставить комментарий