• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исмаилова БУУ ДАП өлкөлүк директору Андреа Баньоли менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 10.06.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) өлкөлүк директору Андреа Баньоли менен жолугушту.

Мындан мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУ ДАП 2018-2022-жылга Кыргыз Республикасында БУУ ДАП Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу үчүн өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койгон.

Беш жылдык пландын негизги багыттары катары төмөнкүлөр саналат:

- 2022-жылга карата мектептик тамактанууну жакшыртуу жана бардык мектептерди ысык тамак менен камсыздоо (учурда мектептердин 60% жакыны программа менен камтылган). БУУ ДАП мектеп ашканаларын жабдууга жана кызматкерлерди даярдоого көмөк көрсөтөт;

- калктын аяр катмары арасында азык-түлүк коопсуздугу боюнча абалды жакшыртуу;

- азык-түлүк коопсуздугун талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча аналитикалык иш;

- климаттын өзгөрүүсүнө калыптануу жана жаратылыш кырсыктары тобокелдигин кыскартуу.

БУУ ДАП Жашыл климаттык фонддон каржылоо алган Кыргыз Республикасындагы алгачкы уюм болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Аида Исмаилова БУУ ДАП тарабынан калктын социалдык жактан аяр катмарына көрсөтүлүп жаткан колдоону белгилеп, өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий