• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исмаилова БУУ майыптар укугу жөнүндө конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин «Рука в руке» коомдук бирикмесинин борборуна баруусунун жыйынтыгы боюнча БУУ майыптар укугу жөнүндө конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо башкармалыгынын начальниги Жылдыз Ибраева, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү жана волонтерлор катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды коомго интеграциялоо, инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүү, медико-социалдык экспертизаны реформалоо, ден-соолугуна байланыштуу көйгөйдү эртелеп аныктоо программасынын жоктугу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды эмгекке орноштуруу маселеси талкууланды.

«Мамлекет тарабынан жарандардын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын укугун жана кызыкчылыгын коргоого багытталган ырааттуу социалдык саясат жүргүзүлүшү зарыл. Артыкчылыктуу багыттардын катарында калкты социалдык жактан тейлөө жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү, медико-социалдык экспертизаны реформалоо, инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүү жана инфраструктурага жеткиликтүүлүктү камсыздоо маселеси турат. Бул багытта Өкмөт тарабынан өлкөнүн экономикалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен баскычтуу күч-аракеттер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө социалдык тармакта тийиштүү чечимдерди талап кылган бир катар маанилүү маселелер топтолду. Мындан ары карай БУУ майыптар укугу жөнүндө конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу маселесин биргелешүү менен алга жылдырабыз деп ишеним билдирем», - деди вице-премьер-министр.

Тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери БУУ майыптар укугу жөнүндө конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча 2019-2022-жылдарга биринчи кезектеги чаралардын планын жана 2019-2023-жылдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын майыптыгын баалоо тутумун оптималдаштыруу жана реабилитациялоо боюнча жол картасын иштеп чыгуу жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу кыскача баяндап беришти.

Андан соң кеңешме суроо-жооп форматында улантылды, анда жарандык коом өкүлдөрү актуалдуу маселелерди коюп, аларга жооп алышты жана аталган багыттагы ишти жакшыртуу жана активдештирүү боюнча өз сунуштарын киргизди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн эртелеп кийлигишүү программасын жана аталган балдар үчүн жеке ассистенттерди окутуу ыкмасын иштеп чыгуу, дарыгерлер үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энеси менен иш алып баруудагы психологиялык тренингдерди ишке киргизүү тапшырылды.

Белгилесек, вице-премьер-министр Аида Исмаилова аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин «Рука в руке» коомдук бирикмесинин борборуна баруусунда «Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө жобого» өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий