• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исмаилова COVID-19дун адам организмине тийгизген таасири маселеси боюнча эксперттер менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана COVID-19 чалдыккан бейтаптарды дарылаган адистер жана патологоанатомдор: Нурлан Бримкулов, Касымбек Мамбетов, Айнура Кутманова, Валентина Пахман, Бактыгүл Камбаралиева, Бермет Барыктабасова жана Бакыт Жангазиевдер менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Валентина Пахман COVID-19 дартында ички органдардын морфологиялык өзгөрүүсү тууралуу бетачарды сунуштады.

Кеңешменин катышуучулары коронавирус инфекциясынын адам организмине тийгизген таасиринин патоморфологиялык тастыкмалары, COVID-19 диагнозун коюунун өзгөчөлүктөрү, дарылоонун клиникалык аспектилери жана каза тапкандар боюнча статистиканы талдоо маселелерин талкуулады.

Патоморфологиялык иликтөөлөр менен биргеликте оорунун патогенези жана клиникалык окуялардын сүрөттөмөлөрү тууралуу акыркы эл аралык маалыматтарды эске алуу менен, мурда Эл аралык ооруларды классификациялоо-10 (МКБ-10) боюнча «Ооруканадан тышкаркы пневмония J-18» (өпкө оорусун чакыруучу зат аныкталбаган) катары кодировкаланган окуялар лабораториялык жактан тастыкталбаган (ПЧР жыйынтыгы терс, же ПЧР жасалбаган) коронавирустук инфекция болуп саналаары белгиленет.

Ошол эле учурда оорунун коронавирустук инфекцияга мүнөздүү клиникалык жана рентгендик белгилери байкалат. Буга байланыштуу COVID-19 дартында патоморфологиялык корутунду менен катар ар-кыл клиникалык дисциплиналардын адистеринин өз-ара аракеттешүүсүн жана кайтарма байланышын жайгаруу жана учурдагы клиникалык протоколдун сунуштамаларын деталдаштыруу чечими кабыл алынды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр кабыл алынды:

- Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 дарылоо боюнча учурдагы клиникалык жетекчиликти жана дарылоо протоколдорун жаңы маанилүү далилдөөлөр жана иш жүзүндөгү маалыматтарга ылайык, үзгүлтүксүз жана ыкчам түрдө кайрадан карап туруусу;

- COVID-19 дарылоо боюнча клиникалык жетекчиликти жана дарылоо протоколдорун практикалык саламаттык сактоодо ишке киргизүү ишин күчтөндүрүүсү, ар кыл тармактагы дарыгерлерди коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо ыкмаларына окутуусу;

- клиницисттердин кеңири чөйрөсү үчүн онлайн-патолого-анатомиялык конференция өткөрүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий